Аборттон баш тарткан кыздын энеси менен жеңесин өлтүргөн киши өмүр бою кесилди

Жазылуу
Аксыда кылмышкер боюнан алдыруудан баш тарткан кыздын үйүнө түнкүсүн кирип келип апасы менен жеңесин өлтүрүп койгон

ЖАЛАЛ-АБАД, 23-мар. — Sputnik. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында эки аялды өлтүрүүгө шектелген киши соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажырады. Бул тууралуу Аксы районунун прокурору Чыңгыз Токторбаев билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 14-ноябрга караган түнү Аксы районунун Коргон айылындагы үйлөрдүн биринен эки аялдын сөөгү табылган. Андан сырткары, башынан оор жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк анын кош бойлуу экени аныкталган. Милициянын билдиришинче кылмышкер үй ээсинин кызы менен жакын мамиледе болуп боюна бүтүрүп койгон.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агасын өлтүрүп өрттөп ийди делген аял Кыргызстанга өткөрүп берилмей болду
Кийин кыздан аборт жасатууну талап кылып, бирок ал баш тартканда түнкүсүн үйүнө барып 52 жаштагы апасын жана 26 жаштагы жеңесин өлтүрүп койгон. Катуу жабыркаган кош бойлуу кыз ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча Аксы райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (мыкаачылык менен адам өлтүрүү), 28-97-беренеси (адамга өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Токторбаевдин айтымында, Аксы райондук соту айыпталуучуну үй мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.

"Аксы райондук прокуратурасы шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну соттон сураган болчу. Сот доо арызды канааттандырды", — деди Токторбаев.

Маалым болгондой, абакка кесилген киши Аксы районунун жашоочусу болгон. Ал окуядан үч ай мурда үйлөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0