Бишкектин бир бөлүгүндө беш күнгө газ өчүрүлөт. Көчөлөрдүн тизмеси

© REUTERS / Nigel Roddis / Illustration / File PhotoГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-30-март күндөрү шаардын батыш тарабында оңдоо иштерине байланыштуу газ болбойт

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын батыш тарабында беш күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкектиктер 26-30-март күндөрү көгүлтүр отсуз калуусуна оңдоо иштери себеп болууда.

Газ Мурманск, Алыкулов, Кустанай көчөлөрү менен Ден Сяопин проспектисинин ортосунда жана "БСМ" буу казанында болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0