Эгиздер Феликс жана Курманбектин апасы: балдарым менен подъезд да жууп калдым

© Sputnik / Табылды КадырбековКурманбеко и Феликс Мирбековы
Курманбеко и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2005-жылдын 24-мартында жарык дүйнөгө келген эгиз балдарга ата-энеси ошол учурда бийлик башына келген Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ысымын ыйгарышкан. Революциянын эгиздери аталган Феликс менен Курманбек бүгүн 13 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчылардын атын алып жүргөн эгиздерди таап, апасы Назгүл Ташматова менен маек курду.

Чакан үй-бүлө учурда Бишкек шаарындагы райондордун биринде кезегинде Курманбек Бакиев белек кылган бир бөлмөлүү үйдө турат экен. Эгиздер бири-бирине куюп койгондой деле окшош эмес. Учурда эгиздердин апасы балдарын жалгыз тарбиялайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧакан үй-бүлө учурда Бишкек шаарындагы райондордун биринде Курманбек Бакиев белек кылган бир бөлмөлүү батирде турат
Курманбек и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Чакан үй-бүлө учурда Бишкек шаарындагы райондордун биринде Курманбек Бакиев белек кылган бир бөлмөлүү батирде турат

— Назгүл эже, 24-март сиздердин үй-бүлөдө өзгөчө күн болсо керек. Эмне себептен балдарыңызга эки саясатчынын ысымын ыйгарууну чечтиңиздер эле?

Отстраненный от власти президент Киргизии Курманбек Бакиев выступил на митинге в своем родовом селе Тейит - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе эмне болот? Жогорку соттун жообу
— Ооба, балдарымдын туулган күнүн эки күн белгилейбиз. Себеби алар 25-мартка караган түнү жарык дүйнөгө келишкен. Алар төрөлгөн күнү эртеси таң атпай өзүм наркоздон жаңыдан эсиме келип жатсам, "түндө төрөт үйүнөн матрацтар уурдалды деп журналисттер келип тартып жүрүшөт" деп жанымдагылар айтып калды. Ошол учурда ата-энем да келип, "балдар Кудайдын улуу күнүндө төрөлүштү, эки падыша бир тактыга келип жатат, аттарын Феликс жана Курманбек коелу" деп атам экөөнө ысым ыйгарып койду. Аны төрөт үйүнүн башчысы угуп калып, "бизде Феликс жана Курманбек деген эгиз уулдар төрөлдү" деп баягы журналисттерге айтып, алар бизди тартып кеткен. Ошентип телевидениеге чыгып, анан тынбай журналисттер келип тартып, жазып жатып "жылдыз" болуп кеттик. 

— Анан өздөрүнүн адаштарын көргөнү саясатчылар келиштиби?

— Телевидениеге чыккан күндүн эртеси эле Курманбек Бакиев куттуктоо телеграммасын жөнөтүп жибериптир. Саламаттык сактоо министри да телевизор алып келип куттуктап, ооруканадан балдар торолуп чыккыча жакшы карашты. 

— Батирди кантип алып калдыңыз эле?

— 2006-жылдын 26-мартында Кулов, Бакиевдер атайын революция багын отургузуу үчүн ишембиликке чыгышат. Аны ата-энем угуп калып, апам "өлкө башчылары эки балабызга батасын берип койсун, алып барып жолуктуруп келбейлиби" деп калды. Балдарды алып баягы өлкө башчылар чогулган ишембиликке бардык. Экөө тең "биздин адаштарыбыз келип калган турбайбы" деп көтөрүп сүрөткө түшүп, чөнтөгүмө бир нерсе салып жатышкан. Үйгө келип карасам акча экен. Жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев "кандай суроолоруң бар?" дегенинен абалымды түшүндүрүп, балдарды жалгыз тарбиялап жатканымды айтып үй сурасам, дароо жардамчысына жаздыртып койгон. Кийин аны кат түрүндө жазып, Бакиев үй берүү боюнча резолюцияга кол коюп берди. Үй дароо колума тийген эмес, президенттин колу коюлган кагаз менен барбаган жерим, укпаган сөзүм калган жок. Көрсө, ажонун сөзүн баары эле аткара бербейт экен. Ошентип жүрүп үйдү бир жыл сегиз ай дегенде алдым. Негизи президент үч бөлмөлүү үй берүүнү буйруптур. Бирок кандайдыр бир себептер менен бизге азыркы жашап жаткан бир бөлмөлүү үй эле берилди. Ошого да шүгүр дейм.

— Жолдошуңуз менен эрте эле ажыраштыңыз беле? Атасы балдарына келип турабы?

— Эгиздерге 4 ай болгондо болор-болбос нерсе үчүн жашабай калдык. Анын үстүнө ата-энеси да экөөбүздүн никебизге каршы чыгып туруп алды. Анда-санда келчү. Азыр үйлөнүп, үч кыздуу болуптур. Балдарга келбейт деле. 

© Фото / из семейного архива МирбековыхКурманбек менен Феликсти апасы Назгүл Ташматова жалгыз тарбиялайт
Курманбек и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Курманбек менен Феликсти апасы Назгүл Ташматова жалгыз тарбиялайт

— Батирлүү болгондо балдарым деп келип калган жокпу?

— Батирди 2007-жылдын башында алып, март айында балдардын туулган күнүндө ремонтун бүтүрүп көчүп келгенбиз. "Менден кетпесин, балдар менен катташып турушсун" деп кайындарымды эшик-төр көргөзүп чакырткам. Келгенде "балдар силердики, барып-келип, чалып тургула" деп номерлерден бери бергем. Бирок чоң апасы, туугандары ошол бойдон басып келишкен жок. Өзүм деле турмуш куруп күйөөгө тийсемби деп ойлондум. Бирок бала менен кайда батмак элең. Өз атасы карабаган баланы башка карап, багаары күмөн да. "Күйөөмө же балдарыма тарта албай ортодо чайпалбайын" деп турмушка чыкпай эле коюну чечтим.

— Жалгыз бой бала тарбиялоо, анын үстүнө эгиздерди багуу оңой эмес да?

Тюльпановая революция в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жоогазын ыңкылабына 12 жыл. Тарыхты эске салган сүрөт-ирмемдер
— Кыйын учурлар батирди алып, көчүп келгенде башталды. Үйүмдө кимдер гана жашаган жок. Күндүз консерваториянын деканатында, кечкисин кафеде ырдап иштеп "балдарымды бакчадан алып турганга" деп үйгө студент кыздарды жашатып алгам. Ар кандай кыздар келип жашады. Кээ бири балдарымды мен жокто аябай уруп сабачу экен. Андайлардан тажаганда 3 жашка чыккандан кийин балдарымды сыртынан бекитип коюп "баскан-турганыбызга тыгынчык" болсун деп кечкисин кафеде иштеген күндөр өттү. Элестетип көрүңүз, үч жашар балдарды жалгыз таштап кеткенге туура келчү. Айла жоктон да мунун баары. Бир күнү келсем үй караңгы, эшикти ачсам экөө тең "апалап" келип жармашты. Көрсө, жарык өчүп калып экөө телефон алгандан коркуп бурчта отурушуптур. Дагы жакшы, балдарым тентек эмес болчу. Азыр ойлосом таш боор экенмин. Бир жагынан атам каза болуп, экинчи жагынан окуйм деп, анан күйөөм үйлөнүп алганын угуп, айтор, мээм чачырап, кээ күнү балдарымды өлтүрүп, өзүм кошо өлүп калгым келген күндөр болду. Азыр баары артта калды. 
© Фото / из семейного архива МирбековыхАтасы балдар төрт айлык кезинде эле таштап кеткен
Курманбек и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Атасы балдар төрт айлык кезинде эле таштап кеткен

— Консерваторияда иштеп, кафеде ырдачумун деп калдыңыз. Чымыныңыз барбы?

— 1990-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык мектепте вокал жагына тапшыргам. Атам "сен эсеп жагына жакшысың, бухгалтердин эле окуусун окучу" дегенине көнбөй ырчылыкты тандагам. Окуп жүрүп эле деканатта иштеп, андан кечкисин кафелерде да ырдап жүрдүм. Жолдошум да ырдачу. Кийин өз күчүмдү сынап көрөйүн деп БГУнун экономика факультетине тапшырып өтүп кетип, ошону менен экономист болуп калдым.

— Азыр да кафелерде ырдайсызбы?

— Жок, 7 жылдан бери ал кесипти таштагам. Тааныш-достордун эле тойлорунда ырдап калганым болбосо. Учурда экинчи алган билимим менен салык кызматында иштейм.

— Тапкан акчаңыз балдарды бакканга жетеби?

— Ооба, Кудайга шүгүр, жетет. Анын үстүнө балдарым бар-жокту билип чоңойду. Аларга мен деле "антпе, минтпе" деп үйрөткөн жокмун, турмуш тарбиялады окшойт. Анын үстүнө жалгыз экенимди көрүп, мени аяшат окшойт. Балдар чоңоюп калганда акчаны үнөмдөп, ошол биз жашаган үйдүн подъезддерин да жууп калдык. "Интернетке акча сал десеңер мага пол жуушкула" деп ошол жакты үчөөлөп тазалап чыгып, тапкан акчаны бир айга интернетке акча салчумун. 

© Фото / из семейного архива МирбековыхНазгүл Ташматова: уулдарым чоңоюп калганда акчаны үнөмдөп, ошол биз жашаган үйдүн подъезддерин да жууп калдык
Курманбек и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Назгүл Ташматова: уулдарым чоңоюп калганда акчаны үнөмдөп, ошол биз жашаган үйдүн подъезддерин да жууп калдык

— Феликс Кулов кабар алып турабы?

— Ал киши бир да басып келген эмес.

— Балдарыңыз бири-бирине окшош эмес экен…

— Курманбек менен Феликс эки тон менен төрөлүшкөн. Ошондуктан бири-бирине анча окшош эмес.

— Мүнөздөрүчү?

13-летняя Айчурок Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Баштык чогулткан Айчүрөк: окуюн дейм, бирок апам менен бөбөгүмдү ким багат?..
— Феликс — токтоо, оор басырыктуу. Бир нерсени тапшырсаң аягына чейин чыгармайын күйүп-бышып кетет. Абдан пунктуалдуу, тартиптүү. Бирок баарын жасап туруп, ошончо талап кылат. Ал эми Курманбек мага жакын, боорукер, өзү жеп жатса да Феликс менен кошо бөлүшүп жейт. Баарыбызды тегиз ойлойт. Мен ага "сен үйдүн кожоюнусуң" деп айтып турам. Себеби ал Феликстен эки мүнөт эрте төрөлгөн. Балдарым менен чоң кишидей сүйлөшүп, бардык ишти ошолор менен акылдашып жасайм.

Курманбек менен Феликс да келечектеги максаттары тууралуу ой бөлүштү.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул Курманбек. Келечекте программист болууну самайт
Бул Курманбек. Келечекте программист болууну самайт - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бул Курманбек. Келечекте программист болууну самайт
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми түгөйү Феликс кылмышкерлерди кармап, аларды адилеттүү соттогон юрист болгусу келет
Ал эми түгөйү Феликс кылмышкерлерди кармап, аларды адилеттүү соттогон юрист болгусу келет - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал эми түгөйү Феликс кылмышкерлерди кармап, аларды адилеттүү соттогон юрист болгусу келет
1/2
Бул Курманбек. Келечекте программист болууну самайт
2/2
Ал эми түгөйү Феликс кылмышкерлерди кармап, аларды адилеттүү соттогон юрист болгусу келет

— Келечекте ким болгуңар келет?

Курманбек: — Программист болгум келет. Оюндарды, көңүл ачуучу ар кандай нерселерди ойлоп тапканды жакшы көрөм. 

Феликс: — Кылмышкерлерди кармап, аларды адилеттүү соттогон юрист болгум келет. 

— Досторуңар көппү?

Курманбек: — Ооба. Айрыкча былтыр сиздердин кабарчылар тартып интернетке чыгаргандан кийин көп балдар, ал тургай башка мектептин балдары да биз менен достошо баштады. Эки саясатчынын атын алып жүргөнүбүздү укканда мектепте чогуу окугандар аябай таң калышкан.

— Апаңарга жардам бересиңерби?

Феликс: — Ооба. Апам жумуштан келгиче үй жыйнап коебуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0