Ооруканадагы врач өпкөнүн ренгтен сүрөтүн көргөзүүдө

"Оорусу жугат" деп менден качышчу. Кургак учукка кабылгандардын түйшүгү

758
(жаңыланган 09:38 27.03.2018)
Кургак учук, башкача айтканда, өпкө оорусу — бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү глобалдуу көйгөйлөрдүн бири. Дарыгерлер учурда бул илдет менен күрөшүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды, дарыларды чыгарып колдон келген күчүн жумшоодо. Ага карабай бул оорудан арылуу оңойго турбагандыгын илдетке кабылгандар айтып келет.

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги илдетти алдын алуу жана аны жеңүү жолдоруна токтолуп, ооруну башынан өткөргөндөр менен кеп учугун улады.

Коомдон чыгып калдым...

Бишкек шаарынын тургуну Астра Дамирова (аты өзгөртүлдү) бул ооруга базарлардын биринде иштеп жүрүп кабылып калган. Башында дарты тууралуу тааныш-туугандарына айтуудан тартынып, алардан алыстап кеткенин жашырган жок.

"Айлана-чөйрөдөгү адамдардын баары мени колу менен көргөзүп калгандай сезилди. Дароо эле "өлүп калам го" деген ой келип, эки кызымды, апамды аяп күндө ыйлай берчүмүн. Анын үстүнө анализ жаңы чыккан кезде дарыгерлер "күйөөң таштап кетиши мүмкүн, туугандарың, досторуң эми сенден жугузуп албайлы деп качып калат" деп ого бетер жашоодон үмүт үздүрдү. Оорумдун жыйынтыгын бир ай дегенде араң чыгарып беришти. Башында "өпкөң таза эле экен" деп туура эмес анализ чыгарып, ошондон илдет жеңил түрүнөн туруктуу формасына өтүп кетиптир. Тапкан ташыганымды балдарга берип, өзүм кыйратып тамак ичпей жүрүп, иммунитетим түшүп ооруну жугузуп алдым окшойт. Бирок жакындарым терс бурулуп кеткен жок. Колунан келген жардамын берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүштү", — деди Дамирова.

Учурда каарманыбыздын дарыланууга акыркы бир айы калды. Тогуз ай оору, дары менен алышкан айым эми анализдери жакшы чыкса экен деп Кудайдан тиленип отурган чагы.

"Ай сайын барып анализ тапшырып, өпкөмдү текшертип турам. Ачык формадан жабык формага өткүчө беш айга чукул ооруканада жаттым. Ал жакта өткөргөн күндөрдү эстегим да келбейт. Адам көрсө ооруганда гана жашоонун даамын биле баштайт экен да. Азыр буюрса анализдерим жакшы чыгып келе жатат. Дарыларымды бир ай ичсем дарылануу курсум бүтөт. Күнүнө толтура күчтүү дарыларды ичебиз, айрымдары аны ичпей дагы коет экен. Себеби көбү кускуну келтирип, алдан тайдыртат. Бирок мен балдарым үчүн күч топтоп жакшылап дарыланышым керек", — деди Дамирова.

Кургак учук оорусуна бир жылда канча адам кабылат? Статистика

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулаат Кадыровдун айтымында, Кыргызстанда жылына бул илдетке миңдеген адам чалдыгат. Алсак, 2017-жылы кургак учукка кабылган 5570 адам катталган. Анын 60 пайызы жабык формада болсо, 40 пайызы ачык формада экен. Дарыгер бул илдет менен аялдарга салыштырмалуу эркектер көбүрөөк ооруй турганын кошумчалады. Кургак учук менен балдар да ооруйт, алардын саны былтыркы жылы 404тү түзгөн.

Оору иммунитети түшкөн адамдарга бат жугат

Бирок Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар жана илдеттен көз жумгандардын саны 2001-жылга салыштырмалуу бир топко төмөндөгөн. Кадыровдун айтымында, 2001-жылы 100 миң калктын санына кургак учук менен ооруган 168 адам катталса, 2017-жылы бул сан 90го түшкөн. Дарыгер буга карабай ички, тышкы миграция токтоп, элдин экономикалык абалы оңолмоюн ооруну таптакыр азайтуу мүмкүн эместигин айтып өттү. 

Директор национального центра фтизиатрии Абдулат Кадыров в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулаат Кадыров

"Азыр көпчүлүк айыл жериндегилер жумуш издеп калаага келип, же Россия, Казакстанга жөнөп жатышат. Каражат топтойбуз деп эптеп-септеп тамактанып, иммунитети түшүп кетет. Ал эми иммундук системасы начар адамга оору дароо эле жармашат. Ошондой эле чет жактарда иштеп жүргөндөр бир бөлмөдө 15-20 адам болуп жашап, иштешет экен. Алардын арасында оорусу, соосу бар. Алар кайра мекенге келет. Кургак учук менен бир гана жакыр үй-бүлө мүчөлөрү эмес, байлардын балдары деле ооруп калган учурлар кездешет. Анткени алар да коомдук жайда жүрүшөт. Ошондуктан адам иммундук системасы начарлап кетпеши үчүн жакшылап тамактанып, сергек жашоо образын карманышы керек", — деди Кадыров.

Оорунун түрлөрү

ЮСАИДдин "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун дары-дармек боюнча адиси Нургүл Асанкадырованын айтымында, кургак учуктун сезгич (жабык) жана дарыларга туруктуу формасы (ачык) деген эки түрү болот. Оорунун сезгич формасына кабылгандар 6-7 ай дарыларын толук ичип, бардык талаптарды аткарса, 100 пайыз толук айыгып кете алат. Ал эми дарыга туруктуу формасын дарылоо бир аз кыйыныраак.

Илдеттин белгилери;

— арыктоо;
— тердөө;
— эки жумадан ашык жөтөлүү.

Алдын алуу жолдору

Дарыгерлер туура тамактануу, сергек жашоо образы көпчүлүк ооруларды, анын ичинде кургак учук оорусун алдын аларын айтып келет. Ошондой эле бул илдетке чалдыгып калбаш үчүн ар бир адам тамакты жакшылап ичип, уйкусун кандыра укташ керек. Себеби иммундук системанын түшүп кетүүсүнө уйку жана тамак сөзсүз таасир этет. Мындан сырткары, чылым чегүү, спирт ичимдиктерине берилүү — организге кургак учук таякчаларын түз эле сүйрөп кирет.

Эске салсак, кургак учук менен ооругандар акысыз дарыланат, дарылары да бекер. Аларга каражатты Глобалдык фонд бөлөт. Мындан сырткары, сезгич формасындагы оорулуулардын дарысын өкмөт каржылайт.

758
Белгилер:
кургак учук, оору, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадыров: абактагы кургак учукту дарылоо шарты айрым ооруканалардан жогору
Канткенде кургак учуктан алыс болобуз? КРдин башкы фтизиатрынын кеп-кеңеши