Жээнбеков борбор калаада кыйылып жаткан бак-дарактар боюнча үн катты

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков ишембиликке катышып, көчөт отургузду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкектин жашыл шаар статусун сактап калуу керектигин президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков 24-мартта ишембиликке чыккан. Анда ал мэр Албек Ибраимовго кайрылып, шаардыктарга эмне себептен бак-дарактар кыйылып жатканын түшүндүрүү керектигин билдирген.

"Түрдүү ушак-айыңдардан алыс болуу үчүн тургундарга так маалыматты жеткирүү зарыл. Жашылдандыруу боюнча жумуштарды дагы улантуу керек. Бишкектин жашыл шаар статусун сактап калуу абзел", — деди өлкө башчы.

Субботник в Дубовом парке им.Ч.Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күрөк көтөрүп, бак отургузган Жээнбеков. Өлкө башчы ишембиликке чыкты
Ал эми Ибраимов дарактар аргасыздыктан кыйылып жаткандыгын айтып, өткөн жылы кыйылган бактардын ордуна көчөттөр отургузулганын маалымдады.

"Өткөн жылы 7 миң, быйыл 15 миң көчөт отургуздук. Азыр биздин карамагыбызда 248 миң түп дарак бар. Алар каттоодон өткөрүлүп, ар биринин паспорту бар", — деп мэр билдирди.

Бак-дарактан тазаланган Тыныстанов көчөсүнүн көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0