Балка-чотуңду билчи! Күйөө кыжырды кайнатканда

Жазылуу
Айрымдар аял эле күйөөсүнүн "мээсин жейт" деп ойлошот, бирок аялдан ашып түшүп оокатка кийлигишип, бир тыйындан бери эсептеп кулактын кужурун алган эркектер деле толтура.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет күйөө кайсы учурда кыжырга тиерин айымдардан сурап көрдү.

Аялдын оокатына кийлигишкендер. Булар тамак жасагандан баштап шыпыргыга чейин кийлигишет. Болор-болбос нерсеге аралаш берип шайыңды оодарат. Анысы аз келгенсип жасаган тамакты да жөн жебейт. Баарын ыргытып ийип басып кетейин гана дейсиң да…

Көчөдө бараткан кыз жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулак-мээни жебегилечи! Келинчек кыжырды кайнатканда
Сылаңкороздор. Кыздан бетер күзгүнүн алдында эки саат турат. Жуунуп-тазаланмайын эки метр турган дүкөнгө да чыкпайт. Эркек деген эркектей эле болгону жакшы го.

Шашмалар. Же өзү кол кабыш кыла калбай эле "бол, кечигебиз, болдуңбу" деп аялдын түйшүгүн түшүнбөгөндөр бар. Же үйлөнүп жатканда беш колдуу болуп көрүнгөнмүнбү, билбейм…

Кызганчаактар. Үйдөгү уруш да ушул кызганычтан айынан чыгат. Кокус жакшыраак кийинип, атыр себенип калсаң "кайда барасың, ким менен жолугасың, кимге жасанып атасың" деп айлаңды алты кетирет. Анан үйгө кичине кечигип келип калсаң "кимге жолуктуң, ал ким" деп болор-болбоско кызганып мите курттай жеп салат.

"Эмне кылдың?" деп суроо бергендер. Аялдын майда, көзгө көрүнбөгөн оокаты эч качан бүтпөйт. Эгер кичине балаң болсо жумуш андан да көп. Эртең менен туруп үй жыйнап, балдарга тамак берип, кечкиге тамак жасап, кир жууп, айтор, кыбырап жүрүп эле күн кечкирет. Анан кечинде жолдошуң келгенде эч нерсени түшүнбөй "бир күн кечке эмне кылдың" дегенде күйбөгөн жериң күл болот.

Аялын унутуп калгандар. Үйдө бала менен эч жакка чыкпай керээлден кечке отурасың. Кечинде тамагыңды даярдап күтүп отурсаң күйөөң дагы деле жок. Чалсаң "футболдомун, досторум менен жүрөм, жумуш бүтпөй жатат" деп шылтоосу бүтпөйт. Дем алыш күндөрү да пландары толтура. Андай болсо аялды эмнеге алды деп таң каласың.

Көчөдө бараткан кыз, Архив - Sputnik Кыргызстан
Менин кызым менен эмне ишиң бар?! Кошуна кыжырды кайнатканда
Сараңдар. Берген акчасын сыгып алган эркектер да аман болсун. Бир тыйындан бери эсептеп, ал тургай ширеңкеге корогон акчанын эсебин сураганда айтарга сөз таппай каласың. Эркектин колу ачык, март болгону жакшы эмеспи.

Жалкоолор. Аялы таап келген акчага ыраазы болуп, анын мойнунда отурган күйөөлөр да жок эмес. Бергенди жеп, атургай үйдөгү жумушту да жасап койбогон күйөөлөр аман эле болсун. Анан да аялы тапкан акчаны ал бөлүштүргөндө чачырап гана кетесиң да.

Апасынын балдары. Оозунан апасы түшпөйт. Албетте эне деген ыйык, анын сыйлаш керек, бирок артынан сүйрөлүп алган деле болбойт да. Апасынан акча алып, телефондон аны менен жомок айтышып, ичкен-жегенинен бери айтып бергенде жакаңды кармайсың.

Жаңылыктар түрмөгү
0