Кемероводогу өрттөн жапа чеккендер арасында КР жарандарынын бар-жогу такталды

© Sputnik / Александр ПатринПожар в торговом центре "Зимняя вишня" в Кемерово
Пожар в торговом центре Зимняя вишня в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта тергөө органдары каза болгондордун аты-жөнүн тактап жатат

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кемерово шаарындагы өрттөн каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын апасы үн катты
Эскерте кетсек, 25-март күнү кечинде аталган шаардагы "Зимняя вишня" деп аталган соода борборунда өрт чыгып, ушу тапта кырсыктан каза тапкандардын саны 48ге жетти. Мертингендердин тогузу балдар экени белгилүү болду, дагы 41 наристе дайынсыз болууда.

ТИМ маалымат Россия ӨКМинин Кемерово облусу боюнча башкармалыгы тарабынан берилгенин кошумчалады.

РФтин тергөө органдары каза тапкандардын аты-жөнүн тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0