Кемероводогу каргаша. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Жазылуу
Каза тапкандардын арасында балдар дагы бар

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кемероводогу өрт кырсыгына байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

25-март күнү Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыгып, набыт болгондордун саны 48ге жетти. Алардын тогузу балдар экени айтылууда. 

"Кемероводогу соода борбордон чыккан өрт адам өмүрүн алып кеткени тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалай турганыбызды билдирип коюшуңузду өтүнөм. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0