Кыргызстандык ырчы Нурлан Насип. Архив

Соцтармак кызыктары: болочок жарын тапкан Нурлан, заматта миллионер болгон Акжол

5505
(жаңыланган 13:00 29.03.2018)
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Узаган жумада өлкөдө Нооруз майрамы белгиленип түрдүү кызыктар менен коштолду.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиа чемпиону Акжол Махмудовду кичи мекени салтанат менен тосуп алып акчалай сыйлык жана турак-жай белек кылды. Ал эми шоу бизнес жылдызы Нурлан Насип ырчы Асел Кадырбекованын колун сурап үй-бүлө курууга бел байлады.

1. Чемпион миллионер болгондо… Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов туулуп өскөн Ош шаарына жума күнү барганда жердештери салтанат менен тосуп алышты. Ага калаа мэри ардак грамота менен 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырса, курулуш компаниялардын бири Бишкектен эки бөлмөлүү үй белек кылды. Мындан сырткары, ЖК депутаттары жана жеке ишкерлер Ош шаарынан бир бөлмөлүү үй менен бир миллион сом тапшырганы айтылды.

2. Акыры баш кошмой болушту. Ырчы Нурлан Насип кесиптеши Асел Кадырбекованын колун сурады. Ал мындай кадамды Асел туулган күнүн өткөрүп жаткан маалда жасаган. Кучак толо роза көтөрүп келген Нурлан сүйүктүүсүнүн алдында тизе бүгүү менен шакек сунуп макулдугун алган. Ырчылар узак убакыттан бери ынак мамиледе жүрүп, элдин көңүл чордонунда болуп келишкен эле. Эми баары ачыкталып баш кошмой болушту. Бактылуу болгула!

3. Айыгышкан көк бөрү. Ноорузга карата өткөн улуттук оюндардын эң эле бүйүр кызытканы көк бөрү болду. Финалдык бөлүгүндө "Ынтымак" менен "Достук" командалары кезигип кыл чайнашкан беттеш орун алды. Натыйжада баш байгеге "Ынтымак" командасы ээ болду. Оюндун эң мыкты ирмемдерин сунуштайбыз.

© Sputnik / Эмиль Садыров
Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео

4. Каратэчи ат. Ал эми Сузакта өткөн эр эңиш мелдешинде кызыктуу окуя орун алды. Балбан Азамат Исраил уулунун минген аты эки аяктап тура калып, кармашкан кишини чапчып, жерге түшүргөн. Калыстар мындай учурду буга чейин көрүшпөгөнүн айтып, жеңишти тикесинен тура калган аттын ээсине ыйгарышкан. Шумдугуң кур!

5. Атка минерлер ишембиликте. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган президенттик аппараттын кызматкерлери жана калаа мэриясы Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында көчөт отургузууга чыгышты. Иш учурунда өлкө башчы мэр Албек Ибраимов менен маектешип бак-дарактардын кыйылышы боюнча соцтармактагы пикирлерге тынчсыздануусун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

6. Демилгелүү жаштар. Жекшембиде таң эрте "Жаш дем" демилгелүү жаштар тобу өлкөнүн эң бийик желеги жайгашкан аймакты тазалап чыгышты. Мурунку жумада үч секелек кыз гана чыкса, мунусунда 12 улан-кыз чогулган. Кийинки жекшемби күнү да ыктыярдуу жаштар чакырылат. Айлана-чөйрөнү таза кармайлы!

Публикация от @nazaralieva7777 25 Мар 2018 в 1:08 PDT

7. Балбан аял. "Нива" үлгүсүндөгү унааны сүйрөп жаткан аял соцтармакты таң калтырууда. Видео Казакстандын Актөбө шаарында тартылганы айтылып жатат.

 

5505
Белгилер:
Нооруз, майрам, ишембилик, Көк бөрү, социалдык тармак, ат
Тема:
Соцтармактардагы кызыктар (45)
Тема боюнча
Күрөк көтөрүп, бак отургузган Жээнбеков. Өлкө башчы ишембиликке чыкты
Каның дүргүйт! "Ынтымак" менен "Достуктун" айыгышкан беттешинен сүрөттөр
Жашыл пил, акыра жана аюу шаардыктарды кубанычка бөлөдү
Чемпионка мира по борьбе Айсулуу Тыныбекова в международном турнире Poland Open в Варшаве (Польша).

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

0
Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль талашса, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", — деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштуралары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кино театрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

0
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, күрөш, түз эфир, Союзбек Надырбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды

ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео