Талаш маселени сотко чейин чечип берген медиаторлор. 9 суроого жооп

Жазылуу
Кыргызстанда үй-бүлөлүк, коммерциялык жана иш жаатында чыр-чатак, талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүгө жардам берген медиаторлор иштей баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлап, ушул жылдын 11-февралында "Медиация" тууралуу мыйзам күчүнө киргенин кошумчалады.

Медиация деген эмне жана медиаторлор деген кимдер? Кандай кырдаалда, кимдерге жардам берет? Sputnik Кыргызстан агенттигинин бул суроолоруна Улуттук медиация борборунун коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлсина Кожоярова жана "Сезим" үй-бүлөлүк кризистик борборунун юристи, медиатор Ракия Рахманова жана адистери жооп беришти.

Медиация деген эмне?

Медиация — бул ар түрдүү (үй-бүлөлүк, коммерциялык) чыр-чатактарды жөнгө салуунун формасы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү. Андан тышкары, акыркы учурда ажырашкандардын саны көп болуп бара жаткандыктан медиация үй-бүлөнү сактап калуу да максатын көздөйт.

Медиатор деген ким?

Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жоктон көрө жогору! Канча киши сүйүнчү алып, дагы канчасы күтүп жатат
Медиатор болсо эки тараптын (мисалы ажырашуу алдында турган жубайлардын, жумуш боюнча араздашып жаткан тараптардын) талашкан маселесин сотко чейин чечишүүгө жардам берген адам. Мыйзам боюнча анын жашы 25тен өйдө келип, Кыргызстандын жараны болуш керек. Ошондой эле кайсы кесиптин ээси болсо да башкысы жогорку билими болушу зарыл. Мындан сырткары, алты күндүк күчөтүлгөн окуудан өтүп, экзамен тапшырып, "курстан билим алды" деген сертификаты болушу зарыл. Учурда медиаторлордун республикалык уюму түзүлүп жатат, ошол уюмдан алган күбөлүгү да болуусу шарт.

Медиатор атайын курсту бүткөндө ишмердүүлүгүн кантип баштайт?

Медиатордун сертификатын алган соң ал адам өз алдынча иш алып барабы же медиаторлор коомуна кирип иштейби — өз эрки. Курсту аяктангандар үчүн атайын медиаторлор коому бар. Ал жерде үй-бүлөлүк же коммерциялык медиация боюнча ар түрдүү долбоорлордо иштешет. Ошол жакка кошулуп иштесе болот. Ошондой эле медиация курсуна адвокат, юристтер да келип окуп, өзүнүн кесиби менен бул тармакты кошо алып кетишүүдө.

Кандай маселелерди чечүүгө жардам берет?

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызды төртөөлөп кордогондордун бири гана 1,5 жылга кесилди. Февралдын сот чечимдери
Медиация үй-бүлөлүк, коммерциялык жана эмгек жаатындагы талаш-тартыш маселелерди чечүүгө жардам берет. Үй-бүлөлүк медиацияда эгер жубайлар бала талашып жаткан болсо, сотко караганда медиаторлордун жардамы менен ал жеңил чечилет. Алсак, сот "бала апасы же атасы менен жашасын" деп мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарып берет. Ал эми медиацияда "бала апасынын колунда калса, атасы кандай жардам берет же атасы баккыдай болсо апасы эмне кыла алат" деген сыяктуу маселени ата-эне жай отуруп сүйлөшүп, кеңешип чечсе болот. Башкысы — соңунда чечимди соттогудай сот эмес, жубайлар өздөрү кабыл алат. Ошондой эле эки жактын тең кызыкчылыктары эске алынат.

Эмгек келишими менен иштегендерде да чыр-чатак көп чыгат. Мисалы, кээ бир адамдар иштеген акысын ала албай калса, кээси жумуштан негизсиз бошоп калат. Мындай кырдаалда да медиаторлор эки тараптын оюн угуу менен аларга көйгөйдү чечүүгө көмөктөшөт. Ал эми жер талашуу же насыяны төлөбөй коюу сыяктуу маселенин баары коммерциялык медиацияга кирет. Бул маселелерди чечүүгө да тийиштүү медиаторлор жардам берет.

Медиацияны кайсы учурда колдонбойт?

Азыркы күндө мыйзамдын негизинде мамлекет же мамлекеттик органдар менен талаш-тартыш болгондо жана кылмыш иштеринде медиация колдонулбайт.

Медиаторлорго кайрылуунун зарылчылыгы

Медиаторлорго кайрылуу же кайрылбай коюу ар бир жарандын өзүнүн иши. Бирок үй-бүлөлүк же коммерциялык майда-чүйдө маселени медиация аркылуу чечүү жеңилирээк. Мисалы, сотко кайрылыш үчүн көптөгөн документ талап кылынса, медиаторлорго паспорт менен эле келүүгө болот. Мындан сырткары, "Медиация боюнча" мыйзам күчүнө киргендиктен учурда айрым соттор бул мыйзамды пайдаланууда. Эгер ал ишти медиациянын жардамы менен чечүү керек деп эсептесе, сот кайрылган адамдарды медиаторлорго жөнөтөт. Мындай учурда алардын баш тартууга укугу жок болуп калат. Бирок аларды "медиация менен маселеңди чеч" деп эч ким мажбурлабайт. Эгер адамдарга бул процесс жагып калча медиаторлор менен иштешип калат, ал эми сот аркылуу гана бүтүрөм десе анда кайра сотко барат.

Медиациядан кийин кайра сотко барыш керекпи?

Кайра сотко баруунун кажети жок. Медиативдик келишим — бул юридикалык документ. Ошонун негизинде тараптар өздөрүнүн мойнуна алган милдеттерин аткарыш керек.

Медиаторлордун акысы канча болот?

КРЕСТЬЯНЕ ХЛЕБ СДАЧА КИРГИЗИЯ - Sputnik Кыргызстан
Параны буудай, ичик менен алган сот, аборт жасаган бүбү. 20-жылдардагы кылмыштар
Учурда медиаторлор акысынын атайын прайс-баракчасы түзүлө элек. Бирок улуттук медиация борборунун өзүнүн баасы бар. Анда коммерциялык талаш-тартышка 6000 сом, ал эми үй-бүлөлүк маселелерге 3000 сом алынат. Бул баа сотко салыштырмалуу арзан. Мисалы, жубайлар 50 миң долларлык үй талашып жатса жарандык кодекстин негизинде анын 1500 миң долларын өкмөткө төлөп, анын квитанциясын сотко алып барыш керек. Ал эми медиацияда 3000 сом менен гана жубайлар үйдүн кайсы бөлүгү кимге каларын жай отуруп чече алат. Эгер кардар юридикалык жактан жакшы жооп бере албай калышым мүмкүн десе медиаторлорго юрист же адвокат менен келсе болот. Бирок учурда үй-бүлөлүк маселе менен кайрылган жубайлардын көбү медиаторлордун жардамы менен кайрадан бир пикирге келип, жарашып алган учурлар болуп жатат.

Медиаторлорду кайдан тапса болот?

Азыркы күндө мыйзам боюнча медиаторлор бейөкмөт уюмдарда иштейт. Эгер медиатор өз алдынча иш алып барам десе коммерциялык эмес уюмы түзүшү керек. Мындан сырткары, Кыргызстанда учурда медиация боюнча улуттук борбор жана юридикалык компания бар.

Алар Бишкек шаарында Бөкөнбаев, 204 дарегинде жайгашкан "Улуттук медиация борбору" жана ушул эле даректе жайгашкан "Даанышман Групп" аттуу медиация боюнча юридикалык компаниясы. Аталган борбор менен компания экөө тең лицензиясы бар өкүлчүлүктөр. Үй-бүлөлүк маселе боюнча "Сезим" кризистик борборунда да медиаторлор иш алып барышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0