Кара-Сууда эл текшерилип, ВИЧ, гепатит чыккандар ооруканага жиберилди

© Фото / Алексей ОсиповРаспространение ВИЧ в Кыргызстане
Распространение ВИЧ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шарк, Ак-Таш жана Сарай айылдарына барган дарыгерлер 1034 адамдын саламаттыгын текшерген

БИШКЕК, 27-март. — Sputnik. Кара-Суу районунун калкынын ден соолугун мобилдүү клиника пландуу текшерип, жыйынтыгында ВИЧ-инфекциясына шектелген, гепатит илдеттерине чалдыккан, жугуштуу жыныстык оорунун белгилери табылгандар облустук тиешелүү ооруканаларга жиберилди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Борьба с туберкулезом в Китае - Sputnik Кыргызстан
"Оорусу жугат" деп менден качышчу. Кургак учукка кабылгандардын түйшүгү
Шарк, Ак-Таш жана Сарай айылдарына барган дарыгерлер жалпысынан 1034 адамдын саламаттыгын текшерген. Алардын арасында мигранттар болгонун ведомстводон кошумча билдиришти.

Маалыматта 614 тургунду текшере келгенде эки кишиден ВИЧ-инфекцисы, 46сынан гепатиттин "B" жана "С" түрлөрү, ал эми 12 адамдан жугуштуу жыныстык оорулары табылгандыгы айтылган.

Алар Ош облусундагы клиникалык ооруканага, облус аралык онкология борборуна, тери жана венерологиялык оорулар боюнча диспансерге, СПИД менен күрөшүү борборуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев тубаса оору менен төрөлгөн балдарга көңүл бурууну күчөтүү керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0