WhatsApp тайпаларында Бишкектеги соода борборлоруна байкот жарыяланууда

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСоода түйүнүндө кийим тандап жаткан кыз. Архив
Соода түйүнүндө кийим тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараган билдирүү Россиянын Кемерово шаарында болгон каргашага байланыштуу

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. WhatsApp мессенджериндеги тайпаларда 31-мартта Бишкектеги соода борборлоруна байкот жарыялоого чакырган билдирүү тездик менен тарап жатат.

Анда ушул ишемби, 31-мартта, соода борборлоруна баруудан баш тартуу тууралуу жазылган. Ошондой эле мындай аракет менен соода борборлоруна адам өмүрүнүн баалуу экенин эскертүү максат кылынган. Андан сырткары, имараттын ичинде ЖМК жана коомдун катышуусу менен эвакуациялык окуулар өткөрүү талап кылынган.

Пожар в торговом центре Зимняя вишня в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Бул билдирүүнү биринчилерден болуп ким баштаганы белгисиз, бирок колдонуучулар аны башка тайпаларга активдүү бөлүшүп жатат.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, акыркы маалыматтар боюнча 64 кишинин өмүрүн алды. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0