Жер таянып отурбайт, үшкүрүнбөйт! Жаш балдарга байланыштуу 7 "болбойт"

Жазылуу
Ата-бабалардан калган жүрүм-турум эрежелеринин арасында жаштар же жаш балдар жасабай турчу нерселер бар. Себебин көпчүлүк биле бербейт, бирок азыркыга чейин ата-энелер балдарына бул тыюуларды тынбай айтып келет.

Элдик эреже боюнча жаш бала жана жаштарга дагы эмнелерди жасоого болбойт? Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратов менен биргеликте тизмектеп көрдү.

Кийимди желбегей жамынбайт. Жашы жете элек балдар кийимди желбегей жамынса анын кесепти элге жана ата-энесине тийип, ата-энесинен эрте ажырап калат деген ишеним жашаган.

Горное пастбище в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Керегеге бут артпайт. Боз үйгө байланыштуу 6 "болбойт"
Бөйрөк таянбайт. Жаш балдар бөйрөк, жаак таянбайт. Жамандыктын, азанын белгиси катары сыпатталган бул тыюулар азыр да жаш балдарга айтылып келет. Колун дагы төбөсүнө алган болбойт. Ал кембагалчылыктын белгиси катары эсептелген.

Жер таянып отурбайт. "Жер таянып отуруу — жетимдиктин белгиси" деген ишеним жашаган.

Колун артына алып баспайт. Эл арасында "колун артына алып баскан бала жокчулукту, ачарчылыкты чакырат" деген тыюу орун алган.

Колун оозуна албайт. Бул жокчулуктун, ачкачылыктын белгиси деп коюшкан. Ошондой эле бала тизесин кучактап отурса да кийин кембагал болуп калат деген ишеним бар.

Таңдайын такылдатпайт. Таңдайын такылдаткан баланы "ата-энеңди жутуп алба" деп илгеркилер урушкан. Ошондой эле "ата-энеси өлгөндүн белгиси" деп балдарды себепсиз таяк таяндырышкан эмес.

Үшкүрүнбөйт. Ал дагы жамандыктын белгиси катары сыпатталып келет. Бала үшкүрсө улуулар "көйнөгүңдү уй жегир" деп коюш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0