Соода борборундагы балдар аянтчасы. Архивдик сүрөт

Депутат соода үйлөрүндөгү балдар аянтчасын ылдыйкы кабатка түшүрүү маселесин козгоду

175
(жаңыланган 16:40 28.03.2018)
Эл өкүлү кооптуулуктун алдын алуу боюнча Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери кандай текшерип жатат деген суроо маанилүү экендигине басым жасады.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы соода борборлорундагы балдар ойной турган жайларды ылдыйкы, коопсуз кабаттарга түшүрүү зарыл. Керек болсо муну мыйзамга, атайын токтомго киргизүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Россиянын Кемерово шаарындагы трагедия жүрөктү түшүрдү. Соода борборлору, айрыкча, Бишкек менен Ош шаарларында көп жайгашкан. Андагы балдар ойногон, чогулган жер соода борборунун акыркы кабатында эмес, эң коопсуз деген аймагында, ылдый жакта жайгашуусу керек", — деди Касымалиева.

Парламентарий бул жайларды астыңкы кабаттарга түшүрүү боюнча документтерди карап чыгууга камынганын, эгерде андай учурлар каралбаса, тиешелүү мыйзамдар менен киргизүүгө ниеттенип жаткандыгын белгиледи.

"Бул маселени парламенттеги тийиштүү комитеттерде көтөрүү зарылдыгы турат. Жалаң соода борборлору боюнча абалды көчмө жыйын болобу, айтор, талкуулоо керек. Мыйзамда жогорку кабатта боло берсин деп чектөө коюлбаган болсо, анда токтомгобу, мыйзамгабы өзгөртүү киргизүүгө жардам берет элем. Бул учурда мени түйшөлткөн маселенин бири болууда", — деди эл өкүлү.

Ал кооптуулуктун алдын алуу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери кандай текшерип жатат деген суроо маанилүү экендигине басым жасады.

"Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери канчалык жакшы, сапаттуу текшерет, ушул маанилүү. Колуна акча берип койсо эле иш бүтүп калбайбы? Бул жерде чоң бизнес бар. Соода борборлорун текшерген инспекторлор коопсуздук боюнча чын эле катасын тапса, жаап коюшабы же адам өмүрүнө забын боло турган кемчилик чын эле оңдолобу деген маселе болуп жатат", — деди ал.

Эске салсак, Россиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби күнү өрт чыккан. Анда жалындын бир нече кинозал менен балдар аянтчалары иштеген жогорку кабатта чыкканы айтылган. Анын кесепетинен 64 адам каза тапса, анын 41и — балдар экени айтылды.

175
Белгилер:
соода борбору, трагедия, коопсуздук, өрт, бала, өлүм, Аида Касымалиева, Кемерово
Тема боюнча
Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Кемероводогу кырсыктан көз жумган маркумдардын баарынын сөөгү табылды
Кемеровонун вице-губернатору элден тизелеп кечирим сурады. Видео
Кемероводогу өрт кандай башталган. Видео