Балыкчыдагы өзгөчө өтмөктөргө кеткен чыгымдын чоо-жайы айтылды

© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиБалыкчы шаарындагы жарыктандырылган жол чийиндер
Балыкчы шаарындагы жарыктандырылган жол чийиндер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө жол чийиндер тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармакта ага жумшалган каражатка нааразы болуп, сын пикирлер айтылган

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы жарыктандырылган жол чийиндерге жалпы жонунан 461,1 миң сом каражат жумшалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Азис Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, үч жол чийинге беш даана магистралдык фонарь коюлган.

"Балыкчы шаары шамалдуу болгондуктан аквафермаларды, тирөөчтөрдү бышык материалдардан койдук. Бир жол чийинге бийиктиги 5,5 метр, диаметри 108 миллиметр келген 8 даана түтүк, кайчылаш түтүк орнотулуп, аларды бириктирүүгө 12 миллиметрлик тросттор пайдаланылган. Ошондой эле ар бир ферманын астына шамалга туруштук берүү үчүн 1 тоннага жакын бетон куюлду. Жалпы сумма 461,1 миң сомду түзүп, ар бир жол чийинди жарыктандырууга 153 миң 600 сом жумшалды", — деди Асаналиев.

Башкармалыктын жетекчиси бул сумманын ичинде транспорттук чыгымдар жана кызмат акы киргенин айтып, каражат "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" фондусунан бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, өзгөчө жол чийиндер тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармакта ага жумшалган каражатка нааразычылык жаралып, сын пикирлер айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0