Эксперт: диний окуу жайларына бакалавр, магистратура деңгээлдерин киргизүү керек

© AFP / PETER STEFFEN / DPAМечеть Айя Софья в Ганновере, на севере Германии
Мечеть Айя Софья в Ганновере, на севере Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын изилдөөгө ылайык, өлкөдө 120 диний окуу жай болсо, анын 104ү медресе экени аныкталган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы диний мекемелерди берген билимине карата квалификациялоо керектигин Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова "КРдеги диний исламий билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" аттуу конференцияда билдирди.

Аталган конференция 27-мартта Бишкек шаарында Булан институту жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштурулган.

Анын айтымында, медреселерде көйгөй арбын.

"Медреселерди аяктаган балдардын күбөлүгү эч нерсеге жарабай калып жатат. Аны мамлекет тааныбай балдар окуусун уланта албай калышууда. Ошондой эле диний окуу жайларды туура квалификациялап, орто билим, бакалавр жана магистратура деп деңгээлге бөлүү керек. Азыр болсо медреселерде башталгыч, орто жана жогору деп бөлүнөт", — деди ал.

Орозобекова ошондой эле учурда өлкө аймагында 11 ислам институту жана бир ислам университети бар экенин кошумчалап, алардын көбүнүн программалары окшош экенин баса белгиледи.

Праздник Ураза-Байрам в Казани - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар диний билимди кайдан алышат. Сандар сүйлөйт
"Диний окуу жайларда чече турган көйгөйлөр абдан көп. Андыктан жогоруда аталган концепцияны ишке ашыруу кажет. Ошондой эле мамлекет тарабынан концепциянын аткарылышы үчүн зарыл каражат убагында бөлүнүп турушу керек", — деди ал.

Белгилей кетсек, Булан институту Кыргызстанда диний билим берүүнүн абалы боюнча изилдөө жарыялап, өлкөдө 120 диний окуу жай болсо, анын 104ү медресе экени аныкталган.

Жакында эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштебей турган жети медресени жаап, 23 медресеге эскертүү берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0