Ажыга баргандардын кайда жүргөнүн аныктоочу мобилдик тиркеме иштелип чыгат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Инфо-Система" ишканасы ажылар үчүн мобилдик тиркемени RFID жана Google картанын жардамы менен иштеп чыгат

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ажылардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын программа иштелип чыгат. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапарга барчуларды автоматтык идентификациялоону (RFID) жана алардын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча сынак өткөргөн. Аны Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" ишканасы жеңип алган.

"Бул программанын жардамы менен ар бир зыяратчынын Бишкек — Мекке — Медина багыттары боюнча учуусун, кайсы мейманканага жайгашканын, автобустарга толук түшкөндүгүн жана Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө жеткендиги боюнча маалыматтар башкы базага келип, анын негизинде штаб тарабынан көзөмөлдөнүп турмакчы. Ошондой эле уюлдук телефондоруна адашып кеткендиги боюнча маалыматты жиберүүчү атайын программа даярдалат", — деп айтылат маалыматта.

Конкурстун жеңүүчүсү "Инфо-Система" ишканасы ажылар үчүн мобилдик тиркемени RFID жана Google картанын жардамы менен иштеп чыкмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0