Бүгүн Бишкекте авариялык абалдагы мектептердин маселеси талкууга алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос БГК: почему столичная школа № 44 до сих пор в аварийном состоянии
Вопрос БГК: почему столичная школа № 44 до сих пор в аварийном состоянии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук угууга учурда кулайын деп калган, абалы начар мектептердин жетекчилери бул көйгөй туурасында айтып беришмекчи

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн "Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык мектептердин абалы" деп аталган коомдук угуу болот. Бул туурасында Булан институтунан кабарлашты.

Калыс-Ордодогу 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Калыс-Ордодогу" 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү
Анда республиканын аймагындагы авариялык абалдагы, кооптуулук жаратып турган мектептер жагдайы, билим берүү мекемелеринин курулуш сапаты, жоопкерчилик туурасында сөз болот. Андан сырткары, аталган жайларды ашар жолу менен курууга тыюу салуу зарылбы деп аталган маселе да талкууга алынат.

Булан институтунан учурда авариялык абалдагы мектептердин жетекчилери бул көйгөй туурасында өздөрү айтып берерин билдиришти.

Коомдук угуу "Кыргызконцепт" мекемесинин жыйындар залында саат 14:00дө башталат.

Буга чейин Булан институту Кыргызстандагы мектеп имараттарынын акыбалы тууралуу атайын иликтөө даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0