Жаз — жарыш! 20 сомдон 7000 миңге чейин сатылган көчөттөрдүн баасы жана дареги

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүПитомник растений в Краснодарском крае
Питомник растений в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөттөрдүн баасы жашына жана чет жактан алып келгенине карата бааланат. Учурда кымбат көчөт жети миң сомго чейин чыкса, арзаны 20 сом турат.

Жаздын келиши менен эл көчөт отургузууга аракет көрө баштады. Айрымдар үйүнүн айланасын жашылдандырса, дагы бири мөмөлүү бак тигип түшүм алууга кызыкдар. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги көчөттөрдүн баасын тактап, сатылып жаткан жерлерди тизмектеп берүүнү эп көрдү.

Бишкектеги көчөттөрдүн баасы

Адистер учурда көчөттөрдүн көпчүлүгү чет өлкөдөн алып келинип жаткандыгын белгилеп, сатып алууда жергиликтүү климатка ылайыктуулугун тактоо керектигин эскертет. Андан сырткары, өсүмдүктүн тамыры, бутактары толук болуп, сабагы жабыркабаган таза болуусу абзел.

Бишкекте көчөттөр кайсы жерде сатылууда? 

1. Садырбаев көчөсү, 149;

2. Лебединовка айылы, Победа көчөсү, 29;

3. Кара-Жыгач жаңы конушу, Анкара менен Достоевский көчөсүнүн кесилиши

4. Элебаев көчөсү, 17.

Ошондой эле жаш өсүмдүктөрдү көп санда тигүүнү каалагандар ортомчусуз питомниктерден сатып алганы оң. Себеби аны менен бир топ акчаны үнөмдөп калууга болот.

Көчөт отургузуунун жол-жобосу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар

Жаңылыктар түрмөгү
0