Telegram негиздөөчүсү тиркеменин иштебей калышынын себебин айтты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүTelegram тиркемеси. Архив
Telegram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колдонуучулар билдирүү жөнөтө албай жатканын айтышууда

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндегидей Кыргызстанда дагы Telegram тиркемеси иштебей калды. Бишкек шаарында тиркеме саат 14.20лар чамасынан тарта иштебей калган.

РИА Новости агенттигинин жазышынча, тиркеме бир катар мамлекеттерде дагы иштебей жатат. Белгилүү интернет булактарынын иштешин көзөмөл кылган downdetector сайтындагы маалыматка ылайык, Россия, Италия, Украина, Германияда тиреме менен иштөө мүмкүн болбой жатат. Аталган өлкөлөрдөгү колдонуучулар билдирүү жөнөтө албай жатканын айтышууда.

Көйгөй телефондогу тиркеме менен десктоп версиясында дагы байкалууда.

Telegram тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуров маселе эмнеден улам чыкканын айтты.

​"Европадагы көйгөй сервер кластерлерине берилген электр кубатынын өчүп калышынан келип чыкты. Учурда аны жоюуга бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Электр жеткирүүчүдөн да көп нерсе көз каранды", — деди Дуров.

Жаңылыктар түрмөгү
0