Нарын — Торугарт унаа жолунун бир бөлүгү 30-мартта убактылуу жабылат

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкты алдын алуу максатында трассанын 288-289-чакырымдарында кар көчкү атайылап түшүрүлөт

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Нарын — Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгү эртең, 30-мартта жабык болот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен маалымдашты.

Билдирмеге караганда, аталган трассанын 288-289-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.

"Эртең, 30-мартта унаа жолдун жогоруда аталган бөлүгү саат 13.00дөн кечки саат 20.00гө чейин жабык болот", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын алдын алуу максатында трассанын 288-289-чакырымдарында кар көчкү атайылап түшүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0