Россиянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКемероводогу кырсыктан улам Бишкектеги Россиянын элчиликтин алдына коюлган гүлдөр
Кемероводогу кырсыктан улам Бишкектеги Россиянын элчиликтин алдына коюлган гүлдөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык өкүлчүлүк Кемероводогу кырсык Россия менен Кыргызстан ар качан бирге экенин көрсөткөнүн белгиледи

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктар Кемеровонун тургундарына кыйын кезеңде колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылыгын билдирерин дипломатиялык өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Пожар в торговом центре «Зимняя вишня» в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Ажал оозунан кайтып... Тажикстандыктар Кемероводогу өрттөн кишилерди куткарып калган
"Ушул күндөрү жүздөгөн адамдар элчиликтин алдына келип гүл коюп, балдардын оюнчуктарын калтырып, шам жагып жатышты. Россия менен Кыргызстандын жарандары көңүл айтуу китебине маркумдардын жакындары менен жабырлануучуларга колдоо сөздөрүн жазып жатышты. Кыргызстандыктардын демилгеси менен каза болгондордун элесине арналып асманга ак шарлар учурулду", — деп маалыматта айтылат.

Дипломатиялык өкүлчүлүк кемероволуктарды колдогон мамлекеттик мекемелерге, эл аралык уюмдарга, коомдук жана саясий бирикмелерге, дин өкүлдөрүнө, билим берүү тармактарына, ЖМК, жаштар уюмдары, ишкерлер, дегеле Россия менен Кыргызстандын жарандарына терең ыраазычылыгын билдирип өткөн.

"Кемероводогу кырсык Россия менен Кыргызстан ар качан биргеликте экенин көрсөттү", — деп элчиликтен белгилешти.

25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыккан. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0