"Гаишник" болуу үчүн 3 миң доллар бергем. Бишкектик жигиттин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маектешибиз Sputnik Кыргызстанга КР ИИМдин Жол кайгуул кызматына кантип орношконун жана үч күн өтпөй кыялындагы жумуштан эмнеликтен баш тартканын айтып берди.

Түшүнүктүү себептерден улам маектешибиздин аты-жөнүн ачыктаган жокпуз.

— Укук коргоо органдарына кантип орношконуңузду айтып берсеңиз?

— Бала кезимден милиционер болууну кыялданчумун. Кылмышкерлерди кармап, мыйзам бузгандардын изин кууган тартип сакчылары туурасындагы укмуш сериалдар эсиңиздеби? Так ошолордой болгум келчү… Политехтен инженердик адистигин алып чыктым. Биздин окуу жайда аскер кафедрасы жок болчу, андыктан армияга бардым. Антпесем, милицияга алышмак эмес.

Генеральный прокурор КР Индира Джолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Индира Жолдубаева коррупция менен күрөшүүнүн планы иштелип чыкканын айтты
Бир жылдан соң аскердик кызмат өтөп келген инженер укук коргоочулардын катарына кошулууга даяр эле. Ал убакта бул кызматка ишке кирүү ыкмалары боюнча бардык чындыкты айтып берген тааныштарды күтүп калгам. Үч миң доллар берип, мага орун бошогончо сабырдуу болуум керек экен. Адегенде Кайгуул күзөт кызматына, үч айдан кийин Жол кайгуул кызматына орноштурмай болушту.

— Сиз акчаны кимге бердиңиз?

— Тууганы ИИМдин Жол кайгуул кызматында иштеген таанышыма бергем. Колдон колго карматуу дайым кооптуу. Пара берип жатканда кармалып калуу толук мүмкүн, мага окшогон кайдагы бир бала үчүн тобокелге баруунун ага эмне кереги бар. Акчаны ата-энемден алдым, агезде акчам жок болчу.

Албетте Жол кайгуул кызматына таза жол менен ишке кирүүгө болмок, бирок Нарындын кайсы бир бурчуна барып иштегим келген жок. Кызматтык тепкичке мындай көтөрүлүү жеңил экендигин ачык эле билдиришкен.

Күтүп жаттым. Бир жума, бир ай, экинчи айга кетти… Ошентип араң жарым жыл дегенде жумушка чакырышты. 2013-жыл. Бир жумага созулган сыноо убагында тек гана кесиптештер менен таанышып, анан да көйгөйгө кабылбашымды түшүндүрүштү. Бирок биринчи эле күнү мени басмырлай башташты, милиция кызматкерлеринин бири мени киши катары көрбөй, орой сүйлөп, бир нерсе талап кыла берди…

— Кесиптештериңиздин көбү ушундай мамиле жасаштыбы?

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атады
— Милицияда тарбиялуу адамдар да бар, алар басымдуулук кылат, 70 пайыз. Бирок калган 30 пайызы жалпы абройго доо кетирет. Маселен, мен таптакыр пара албаган байке менен тааныштым. Элестетсеңиздер, жадагалса, үйү жок экен! Эжесинин үйүндө аялы менен турат. Жумушка маршрутка менен барып-келет, үй-бүлөсү менен өп-чап турмуш кечирет. Ошол киши менден жогору жакта таанышым бар-жогун сурап, кызматтан жогорулоого ошондой жол оңой деп угуп жүрөрүн билдирди. Мен "жок" дедим. Үч миң доллар пара бергенимди айта алган жокмун, уялдым.

— Иштен кетип калышыңызга эмне түрткү болду?

— Кызматкерлер арасындагы мамиле мени аябай кыжырдантты. Абдан сыпайы, тек гана өз милдеттерин аткарган тарбиялуу кызматкерлер тууралуу айтканым жок. Башкалардын эсебинен өз ордун бекемдөөнү туура деп санагандар бар. Дагы бир нерсе — кесиптештердин пара алганы кыжырымды кайнатты.

— Шаарга алгач кайгуул күзөткө чыкканыңыздан баян этсеңиз.

— Жарандардын документтерин көрсөтүүнү өтүнгөн милиционерлердин артынан калбай эле жүрдүм. Кесиптештер кээде сылык мамиле жасашат, бирок алардын оройлугу көп болду. Иш убагында тааныштарды да кезиктирдим, Кайгуул күзөт кызматында иштей баштаганыма айран таң калып, жактырбай карап, кимге канча бергенимди, канча айлык аларымды сурап жатышты… Катуу уялдым.

Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев Чодронова, "Достуктагы" операция жана кылмыштуулук тууралуу айтты
Үчүнчү күндүн таңында бөлүмдө болдум. Кагаз иштери менен машакаттанганым эсимде, андан кийин баарыбызды кайгуулга жөнөтүштү. Анткени Бишкекке кайсы бир мамлекеттин башчысы келиптир. Кесиптештеримди карап эң жогору дегенде 12 миң сом маяна менен жашап, анан кантип кымбат унаа айдап, кымбат саат тагынып, кымбат телефон көтөрүшкөнүн түшүнө албадым…

Ошол күнү тартип сакчылары кайгуулда 12 сааттан ашык турушту. Алардын көпчүлүгү 15 мүнөткө да ордунан жылууга акысы жок болчу. Жолдордун жабылышынан улам шаардын көчөлөрүндө тыгын, эл кыжыры кайнап, жинин милиционерлерден чыгарып турган… Ошентип ал органдагы менин акыркы күнүм болуп калды.

— Ата-энеңиз муну кандай кабылдады?

— Капа болушту, албетте. Атам менин форма кийишимди тилек кылчу… Бирок бул система мени бузуп бүтөрүн түшүнүп, моюн сунду. Талаага чачылган акчага, албетте, ич ачышат, бирок кетип калганыма өкүнбөйм. Балким, качандыр бир кезде кайра иштегим келер, бирок азыркыдай иш жүргүзгөн тутумга кайтпайм. Укук коргоо органдарында иштеген адамдарды аяйм. Менимче, алардын көпчүлүгүндө адамгерчилик калбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0