Былтыр прокурорлор 3,8 млрд. сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарган

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер тилкелерин мыйзамсыз берүү жана жасалган иштен баасын жогорулатып көрсөтүү сыяктуу мыйзам бузуу көбүнесе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында көп катталат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Былтыр жалпы аймагы 630 гектарды түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү, укук коргоо, юстиция, тышкы иштер жана коопсуздук органдарында мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Арсланбек Хуршудов билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү, укук коргоо, юстиция, тышкы иштер жана коопсуздук органдарында мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Арсланбек Хуршудов
Начальник отдела по противодействию коррупции и надзору за исполнением законов в правоохранительных органах и органах юстиции, иностранных дел и безопасности ГП Арсланбек Хуршудов - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү, укук коргоо, юстиция, тышкы иштер жана коопсуздук органдарында мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Арсланбек Хуршудов

Анын айтымында, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү жана жасалган иштен баасын жогорулатып көрсөтүү сыяктуу мыйзам бузуу көбүнесе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында көп катталат.

"Былтыр прокурорлордун актыларынын жана коюлган доо-арыздардын негизинде мамлекетке жалпы аянты 629 гектар болгон 156 жер тилкеси кайтарылган. Алардын наркы 3 миллиард 812 миллион сомду түзөт", — деген пикирин Хуршудов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында айтты.

Ал ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү тармагында өлкө казынасына 55 миллион сом кайтарылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0