Өп-чап жашоодон улам арабга төртүнчү аял болдум. Чет элге бүлө болгон кыргыз кыздар

© Sputnik / Табылды КадырбековТерезенин жанында отурган кыз. Архив
Терезенин жанында отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөгө келин болоордо кыздар сезимге же байлыкка берилбестен, биринчи кезекте ал өлкөнүн мыйзамын жакшылап билип тийгени оң. Кийин жашоо кандай өзгөрүлүп кетерин эч ким билбейт эмеспи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чет жакка турмушка чыгып өз укугун, ал жактын мыйзамын билбей кыйналып жүргөн кыздардын тагдыры менен таанышып, алардын маселеси боюнча юристтердин пикирин билип көрдү.

"Сиңдимди окутам" деп арабдын төртүнчү аялы болдум

Чет жерге келин болуп барган кыргыз кыздарынын бири Ажар (аты өзгөртүлдү — ред.) 2011-жылы араб улутундагы адамга турмушка чыккан. Жубайлар үч жылдан кийин эркек уулдуу болушкан. Бирок "күйөөмдүн мага кылган мамилесине чыдабай кеттим" деген келин азыр жолдошу менен кантип ажырашып, баласын өзүнө аларын билбей айласын таппай жүргөн кези.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажынын төшөк жаңыртышы. Токол маселеси кайрадан кызыл чеке түшүргөндө
"Сиңдим экөөбүз балдар үйүндө чоңойдук. Ата-эне мээрими дегенди көргөн жокпуз. Мектепти аяктаган соң Махмуд Кашкари атындагы чыгыш университетинде билим алдым. Окуумду бүтөөр жылы араб улутундагы мырза жактырып калганын айтып, "мага турмушка чыксаң сени эч нерседен кем кылбай багам" деп сунуш киргизди. Жетпеген жашоодо чоңойгон жаным, анын үстүнө сиңдимди да окутуш керек болуп, документтеримди бүтүрүп алып Сауд Аравияга жөнөп кеттим. Жол кире, документке кеткен акчанын баарын болочок жолдошум төлөп берди. Ошол жактан үйлөндүк, мени ал төртүнчү аялы кылып алды. Ага да макул болдум. Үч жылдан кийин эркек уулдуу болдук. Бирок кызыгы тарагандан кийин күйөөм ата-энемдин жоктугунан пайдаланабы же өз укугун билбейт дейби, айтор, каалагандай калчап, өзүнүн оюндагысын жасата баштады. Бир нерсе десем "кайда барасың" дегенсип "жолуң ачык, кете бер" дейт. "Ажырашайын" дейм, баламды бербей коебу деп корком. Себеби уулум ошол жактан төрөлүп, атасынын фамилиясын алып жүрөт. Ансыз кантип, кайда кетмек элем? Ошентип балама байланып эки анжы болуп отурам. Кыргызстанга деле эки жылда бир барып турам, бирок оюмда балам менен биротоло келсемби дегем", — деди Ажар.

Келин үй-бүлөсү менен учурда Кувейт шаарында турат. Бирок Кыргызстандын жараны, учурда ал жакта шарттуу жарандуулук менен жашап жатканын кошумчалады.

Юристтин пикири

Каарманыбыздын күйөөсү менен ажырашып баласын алууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар экенин билүү максатында юрист Айжан Орозакуновага кайрылдык.

Юрист Ажардын тагдыры менен таанышып, баласын өзүнө алуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенин айтты.

Плотина Узкиза в Испании - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..
"Бул жерде биринчи эле "жубайлардын никеси расмий түрдө катталганбы?" деген суроо туулат. Анткени ислам өлкөлөрүндө расмий никеге туруу оңой эмес. Эгер экөөнүн никеси расмий түрдө катталган болсо, анда аял баласын оңой эле алышы мүмкүн. Бирок баары бир Сауд Аравиянын мыйзамдары шарияттын негизине ылайыкташылгандыктан биздикинен бир топ айырмаланып турат. Мисалы, ал жакта эркектердин укугу аялдыкынан көбүрөөк. Анын үстүнө бул келин ал өлкөнүн жарандыгын да ала элек турбайбы. Жарандык да Сауд Аравияда оңой менен берилбейт. Эгер ал өлкөнүн жараны болбосоң мыйзам боюнча сенин укугуң да корголбойт. Ошондуктан мунун баарын ал жакка баргычакты ойлонуш керек болчу. Баласы да төрткө чыгып, ал жактын жарандыгын алыптыр. Мындан улам келиндин баласын өзүнө алуу мүмкүнчүлүгү өтө аз. Ажар аракет кылып Аравияда иштеген, ошол жердин жердин эреже, мыйзамдарын жакшы билген кыргыз юристтерге кайрылып көрсүн", — деди Орозакунова.

Ажардыкындай кыйын кырдаалга туш болбош үчүн юрист чет өлкөгө турмушка чыгам деген кыздарга эң биринчи бара турган жердин эреже, мыйзамдары менен бир сыйра таанышып алууну эскертти.

Свадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит
"Чет өлкөнүн жаранына турмушка чыгып, аны менен алыска кете тургандан кийин кыздар бара турган мамлекеттин эрежелерин, мыйзамдарын бир сыйра карап алганы жакшы. Жок дегенде ошол өлкөнүн тартип-эрежелерин жана үй-бүлөлүк укуктары менен таанышып чыксын. Анткени жашоодо өйдө-төмөн болот. Кийин Ажардай болуп же ажыраша албай же балаңды ала албай ара жолдо калбагыдай болуш керек. Анын үстүнө мекенден алыс эч ким тааныбаган жерге кетип жаткандан кийин эч кимге ишенбей өзүңө тың болгонуң оң", — деди Орозакунова.

Жетпеген жашоо кайда гана алып барбайт. "Түркияга барып иштеп, ата-энеме жардам берем" деген жакшы тилек менен кетип бирок жашоосу таптакыр башка нукка бурулуп сойку болуп кеткен Айдананын тагдыры тууралуу кабарчыбыз Светлана Федотова даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0