Күйөөңдү эч ким тартып албайт... Аяш келиндер кыжырды кайнатканда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование Нооруза на окраине Бишкека
Празднование Нооруза на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турмушка чыккандан кийин курбу кыздардын ордун аяш келиндер алмаштырып калат эмеспи. Бойдок кезде курбулар болсо, күйөөгө тийгенден кийин сырдашың да, курдашың да аяшың болуп калат.

"Сен жакшы мен жакшы" деп сүйлөшкөн менен кээ бир аяштар ортосунда абысындыкынан кем калбаган атаандашуу болот. Кийген кийиминен үйүнүн жасалгасына чейин сынашат. Мындай учурда ал адам кыжырга тийбей койбойт. Sputnik Кыргызстан агенттиги кезектеги кыжырга тийген учурларды тизмектеп чыкты.

Мактанчактар. Мындай аяштар жолуккан жерге жөн сүйлөшүп отуруу үчүн эмес, байлыгын көрсөтүү үчүн эле келет. Оозду чоюп сүйлөп, беш манжасына чейин алтын тагынып келип, анысын да улам айтып бүтө албай бабырайт. Үйүнө конокко барсаң музейге баргандай болосуң. Алгандарын көрсөтө берип тажатат.

Көрө албагандар. Кийген кийимиңди кой, үйгө алган казан-аягыңан бери сурап чыгат. Анан жөн эле сурабай "бул жөнөкөй эле экен, бул жакта мындан да сонуну бар болчу" деп өзү жетпей жатып сын тагат.

Керсейгендер. Асмандан түшө калгансып, өзүн ак куу сезген аяштар да аман эле болсун.

Международный фестиваль ремесленников Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сиз деле келин болгонсуз да... Кайнене кыжырды кайнатканда
Көйгөйү түгөнбөгөндөр. Качан жолуксаң арманы бүтпөйт. Бир күнү күйөөсүн, бир күнү кайын журтун жамандап эле басып жүрөт. Бир чети бооруң ооруса, кээде жиниңди кашайтып жиберет.

Уруштун күүсүн чалгандар. Булар оозун ачса эле бирөө менен уруша кетет. Күйөөсү менен жаңжалдашып эле басып жүрөт. Аяштар жолдошунун бир сырын ачып койсо, элди көзүнө илбей териштирүү ишин ошол жерден баштайт. Биякта туруп уяласың. Урушчу жерди тапкан экен!

Кызганчактар. Анын күйөөсүн бирөө тартып алчудай жолдошунун артынан аңдып эле жүрөт. Башкалары аз келгенсип, аяштардан кызганганда төбө чачың тик турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0