Аялдамада турган айдоочулар. Архивдик сүрөт

Маршрутка айдоочулары иш таштады. Учурда эмне болуп жатат

(жаңыланган 17:01 02.04.2018)
Маршруттук такси айдоочуларынын нааразычыл какциясына байланыштуу кырдаалга Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан көз салып туруңуз

2-апрель күнү маршруттук такси айдоочулары жумушка чыккан жок. Бишкектин шаардык транспорт башкармалыгы айдоочулар милдеттүү камсыздандыруу нормасы ишке киргизилип жатканына каршы болуп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, мыйзам 2008-жылдан бери иштеп келет, бирок айып пул чарасы 1-апрелден тарта күчүнө кирген.

Жаңы билдирүү
  • 17:57

    Ал арада Бишкектеги тыгындын себеби да айтылды.

    Забастовка водителей маршруток в Бишкеке

    Буулган кыймыл, жолдо калган эл. Бишкектеги тыгындын себеби айтылды

    Борбор калаанын ар кайсы жерлериндеги унаа тыгыны эртең менентен бери жоюла элек
    Дагы
  • 17:18

    Мэрия бунт чыгарган маршруткачыларды ымга келтирип жолго салды

    (4:11 / 25.08Mb / )
  • 17:17
    Акча каражаттары. Архив

    Маршрутка бизнесинин башында ким турат? Компаниялардын тизмеси

    Бүгүн борбор калаадагы маршруттук таксинин айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан жок. Алардын мындай кадамга баруусуна милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуу керектиги себеп болгон.
    Дагы
  • 15:32

    Бишкекке жаңы троллейбустар келди

    Ал арада борбор калаага дагы төрт жаңы троллейбус келгени маалымдалды. Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчи орун басары Марат Үмөтовдун айтымында, ушу тапта темир жолу менен келген троллейбустарды башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери түшүрүп жатат. 

    "Жаңы троллейбустар дароо эле каттамга чыкпайт. Заводдун өкүлдөрү келип, кабыл алуунун бардык жол-жобосу аяктагандан кийин гана транспорт эл ташып баштайт", — деди ал.

  • 15:30

    Атыканов: бүгүн троллейбус менен автобустар түнгө чейин иштейт

    Бүгүн Бишкекте троллейбус менен автобустар күчөтүлгөн тартипке өтүп, түнгө чейин иштейт. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов журналисттерге билдирди. 

    "Троллейбус менен автобустарды күчөтүлгөн тартипке өтүүгө тапшырма бердик. Учурда 130га чукул автобус, 110 троллейбус иштеп жатат. Алар түнгө чейин иштешет", — деди Атыканов. 
  • 15:09
    Бишкектеги коомдук транспорт. Архивдик сүрөт

    Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу

    2-апрель күнү таң атпай маршруттук такси айдоочулары каршылык акциясына чыгып, иш таштады. Мындан карапайым калк жабыркап, бара турган жерине жетпей калды. Ал арада айдоочулар иш таштоого камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирүү себепкер экенин айтышты.
    Дагы
  • 15:08

    Айдоочулардын шаар бийлигине талап койгон видеосу

    (2:06 / 12.97Mb / )
  • 14:49

    Айдоочулар кечке чейин ишке чыкмай болду

    Адам толо автобус. Архивдик сүрөт

    Бишкекте маршруткалар качан каттамга чыгары айтылды

    Бүгүн Бишкектеги дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес
    Дагы
  • 14:40

    Автобус менен троллейбуска шыкалган эл

    (2:06 / 12.97Mb / )
  • 14:37
    ЖК депутаты Марлен Маматалиевдин архивдик сүрөтү

    Маматалиев Марлен Абдырахманович — өмүр баяны

    Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
    Дагы
  • 14:37

    Ал арада ЖК депутаты Марлен Маматалиев кечинде элди бекер ташый турган унаалардын акциясын уюштурду. Иш-чара "бири-бирибизге жардам берели" деп аталат.

  • 12:55

    Маршрутка айдоочулары керек болсо бир жумага чейин жумушка чыкпай коерун айтышууда

    Аялдамадагы жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

    Маршрутка айдоочулары: керек болсо бир жумага чейин ишке чыкпайбыз

    Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын бир дагы талабы аткарылбай турганын буга чейин белгилеген болчу
    Дагы
  • 12:38

    Мэрия айдоочуларга жооп берди

    Маршрутка айдоочуларынын иш таштаганына карабай эл ташуучу фирмалардн талаптары аткарылбайт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

    Бишкек мэриясы. Архивдик сүрөт

    Маршруткачылар бунту: мэрия айдоочуларга жооп берди

    Маршрутка айдоочулары шаар бийлигине бир нече талап койгон
    Дагы
  • 12:25

    Нааразы болгондор менен мэр Ибраимов жолугуп жатат

    Ушу тапта мэриянын имаратында калаа башчысы Албек Ибраимов эл ташуучу фирмалардын жетекчилери менен жолугуп жатат. Ал эми муниципалитеттин маалымат кызматы коюлуп жаткан талаптардын бири дагы аткарылбай турганын айтты. 

  • 11:11

    Маршрутка айдоочулары талаптарын айтышты

    Айдоочулар 12-кичирайондо чогулуп, талаптарын айтууда. Анын арасында жол кирени 15 сомго көбөйтүү, жүргүнчүнү каалаган жерден токтоп салып же түшүрүү, экинчи чийинден бурулууга уруксат берүү бар. 

    Маршрутка. Архивдик сүрөт

    Иш таштаган маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда

    Жол кирени көтөрүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес
    Дагы
    Водители маршрутного такси во время забастовки в Бишкеке
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
    Водители маршрутного такси во время забастовки в Бишкеке
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
    Водители маршрутного такси во время забастовки в Бишкеке
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • 10:54

    Бүгүн каттамга чыккан айрым маршрутка айдоочуларын жеңил автоунаа менен келип коркутуп, талкалайбыз дегендер болуп жатканын маршруттук компаниялардын биринин өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.


    Маршруттук такси. Архивдик сүрөт

    Бишкекте каттамга чыккан маршрутка айдоочуларын коркуткандар бар

    2-апрелде шаардагы бардык дээрлик маршруттук таксилер каттамга чыккан эмес
    Дагы
  • 10:38

    Соцтармак пайдалануучулары каттамга чыкпай койгон маршрутка айдоочуларга кандай чара көрүлөрүнө кызыгып жатат.

  • 10:18

    "Улан" кичирайонундагы маршрутка күтүп тажаган элди күбө видеого тартып алган.

  • 10:12

    Аялдамада турган эл. Видео

  • 10:11

    Троллейбустагы киши эс-учун жоготуп жыгылды

    Троллейбустагы элдин көптүгүнөн бир эркек киши эс-учун жоготуп жыгылганы айтылды.

    "Окуя №17 троллейбуста болду. Терезе, люктарды ачкандан кийин эсине келди", — деди күбө.

    Троллейбус забит битком пассажирами из-за забастовки водителей маршруток в Бишкеке
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди в ожидании общественного транспорта на остановке во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • 10:04

    Маршруткалардын жоктугу жол тыгындарын азайткан жок.

    Люди на одной из улиц Бишкека ждут транспорт, во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Люди в ожидании общественного транспорта на остановке во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Троллейбус забит битком пассажирами из-за забастовки водителей маршруток в Бишкеке
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
     Автомобильный затор на улице Бишкека
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Автомобильный затор на проспекте Байтик-Баатыра
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • 10:03

    Мэрия абалды жөнгө салууга аракет кылып жатат

    Ушу тапта мэрия көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат

    Бишкектин аялдамасында коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр

    Бишкек мэриясы маршрутка көйгөйүн кантип чечип жатат. Вице-мэрдин жообу

    Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.
    Дагы
  • 09:49

    Ош шаарындагы абал

    Ош шаарында абал туруктуу. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Коомдук транспорт да, маршруттук таксилер да кадимки режимде иштеп жатат.

  • 09:43
    Маршруттук такси күткөн жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

    Бишкектеги маршрутканын айдоочулары эмнеге иш таштаганы белгилүү болду

    Аялдамада коомдук транспорт күткөн эл бара турчу жерине маалында жете албай убара. Автобус менен троллейбустарга эл батпайт.
    Дагы
  • 09:39

    Жүргүнчүлөрдү сала кетүүгө чакырык

    WhatsApp тайпаларында унаа айдоочуларына аялдамада турган элди сала кетүү чакырыгы тарап жатат. 

  • 09:35

    Күбөлөрдүн сүрөттөрү

    Люди на одной из улиц Бишкека ждут транспорт, во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Люди на одной из улиц Бишкека ждут транспорт, во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Люди на одной из улиц Бишкека ждут транспорт, во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Люди на одной из улиц Бишкека ждут транспорт, во время забастовки водителей маршруток
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Толпа людей едят на троллейбусе, во время забастовки водителей маршруток в Бишкеке
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • 09:35

    Каттмага чыккан автобус менен троллейбустар

    "Каттамга адаттагыдан көбүрөөк унаа чыкты, так санын азыр айта албайм. 130дай автобус, 105-110 троллейбуст иштеп жатат", — деди мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов айтып берди. 

Белгилер:
иш таштоо, маршруттук такси, айдоочу, Бишкек
Тема:
Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары иш таштады (25)
Тема боюнча
Бишкектеги маршрутканын айдоочулары эмнеге иш таштаганы белгилүү болду