Бишкектеги маршрутканын айдоочулары эмнеге иш таштаганы белгилүү болду

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдамада коомдук транспорт күткөн эл бара турчу жерине маалында жете албай убара. Автобус менен троллейбустарга эл батпайт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектеги микроавтобустардын айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуудан баш тартып иш ташташты. Бул тууралуу мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атаканов билдирди.

"Канча маршрутка каттамга чыкпай калганы азырынча белгисиз. Териштирип жатабыз", — деди Атаканов.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин WhatsApp жана Telegram номерлерине жарандардан көптөгөн дооматтар келип жатат. Автобус менен троллейбустарга эл батпай, аялдамада киши көп экенин жазышууда.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка айдоочулары иш таштады. Учурда эмне болуп жатат
Коомдук транспорт күтүп турган эл. "Улан-2" районундагы Шабдан баатыр көчөсүндөгү абал.

Бишкектин көпчүлүк аймагында жагдай ушундай.

1-апрелден тарта Кыргызстанда жол эрежеси боюнча мыйзамдагы толуктоолор күчүнө кирген. Ага ылайык, камсыздандыруу полиси жок жүргүнчү жана жүк ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сомдон айып салынат. Милдеттүү камсыздандыруу 2008-жылы эле киргизилген.

Бир жүргүнчү орунду камсыздандыруу маршруттун каттамына жараша 136 сомдон 204 сомго чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0