Бишкекте каттамга чыккан маршрутка айдоочуларын коркуткандар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-апрелде шаардагы бардык дээрлик маршруттук таксилер каттамга чыккан эмес

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн каттамга чыккан айрым маршрутка айдоочуларын жеңил автоунаа менен келип коркутуп, талкалайбыз дегендер болуп жатканын маршруттук компаниялардын биринин өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы маршрутка көйгөйүн кантип чечип жатат. Вице-мэрдин жообу
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-арпелде шаардагы бардык дээрлик маршруттук таксилер каттамга чыккан эмес. Алар мындай кадамга милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуудан баш тартуу үчүн барып жатышат.

Компаниянын өкүлү алардагы айдоочулардын 90 пайызы камсыздандыруу полисин сатып алышканын айтты.

Ушу тапта борбор калаадагы абалдан Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляция аркылуу кабардар болуп турсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0