Бишкекте дагы эки көчө жайдын ортосуна чейин жабылат

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Эртең, 3-апрелден тарта Бишкектин эки көчөсү ремонт иштерине жабыла турганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борбордук көчөлөрү оңдоо иштери үчүн жабылды. Тизме
Биринчиси — Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетейден тарта Масалиев көчөсүнө чейинки кесилиши. Аталган жолдо 15-июнга чейин асфальт алмаштырылып, жол чийиндер чийилип, аялдамалар жаңыланат. Оңдолуп жаткан жолдун узундугу 2,8 чакырымга жетет.

Экинчиси — Достоевский көчөсүнүн Анкарадан Лев Толстойго чейинки аралыгы. Бул аймакта жол жана аялдамалардан тышкары, арыктар дагы калыбына келтирилет. Ремонт иштери 30-июлга чейин уланат.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0