Атыканов: бүгүн троллейбус менен автобустар түнгө чейин иштейт

© Фото / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТроллейбустар. Архив
Троллейбустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда калаада 130га чукул автобус, 110 троллейбус калкы тейлеп жатат

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте троллейбус менен автобустар күчөтүлгөн тартипке өтүп, түнгө чейин иштейт. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, 2-апрелде Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес. Буга байланыштуу мэриянын жыйындар залында маршруттук компаниянын жетекчилери менен мэр, Транспорт министрлигинин өкүлү жана Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугунун начальнигинин катышуусунда жыйын өттү.

"Троллейбус менен автобустарды күчөтүлгөн тартипке өтүүгө тапшырма бердик. Учурда 130га чукул автобус, 110 троллейбус иштеп жатат. Алар түнгө чейин иштешет.", — деди Атыканов.

Мындан сырткары, ал маршрутка айдоочулары иш таштай турганын алдын ала эскертпегенин кошумчалады.

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
"Келишимдерди карап чыктык, каттамдардын токтоп калуусу боюнча эч кандай чара колдоно албайбыз. Эми ушул боюнча келишимдерди оңдоп-түзөп кайрадан иштеп чыгабыз. Жакын арада даяр болот", — деди ал.

Жыйындын соңунда маршруттук фирманын жетекчилери кечке чейин каттамга чыга турган болгон.

Нааразылык акциясынан улам Бишкекте абал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билип турсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0