Буулган кыймыл, жолдо калган эл. Бишкектеги тыгындын себеби айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын ар кайсы жерлериндеги унаа тыгыны эртең менентен бери жоюла элек

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте маршруткалардын жоктугуна карабай, эртеден бери жол тыгыны болуп жатканына эмне себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, жол тыгындары бир нече фактордон көз каранды.

"Тыгындын жаралышына биринчиден, жол жээгине жүргүнчү ала кетем деп токтогон унаалар себеп болууда. Анткени бүгүн коомдук транспорттун жоктугунан пайдаланып такси катары иштей калалы деген жарандар көп. Алар жүргүнчүлөрдү жол боюнда күтүп, башка айдоочуларга тоскоол болууда", — деди Садакбаев.

Мындан тышкары, ал бүгүн жолдо жүргөн унаалардын саны бир нече пайызга өсүп кеткенин кошумчалады.

Акция Поможем друг другу в связи с забастовкой водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Депутат элди бекер ташый турган акция уюуштурду
"Маршруткалар жүрүп турган кезде жеңил унаалар жолго азыраак чыгарын баарыбыз билебиз. Мисалы, өзүнүн унаасы бар кээ бирлер эртең менен машинасын жумуштун жанына токтотот да күндүзгү иштерин маршрутка менен жүрүп бүтүрүүгө аракет кылат. А бүгүн күндүз дагы өз унааларын айдоого аргасыз болду", — деп түшүндүрдү адис.

Ошондой эле бүгүн такси кызматтарынын дагы болгон-бүткөн унаалары жумушка тартылып жатканын белгиледи.

Жол кыймылына чындап эле туура эмес токтогон унаалар себеп болуп жатканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов да белгиледи.

"Барчу жерине жете албай турган жөө адамдарды ала кетем деп көрүнгөн жерге токтой калган унаалар артында келе жаткандарды кармап жатат. Азыр ири тыгындар боюнча шаар тургундарынан маалыматтар түшүп, биздин кызматкерлер жерине барып иш алып барышууда", — деди Оторов.

Мамкаттоо кызматынан 2017-жылдын 1-июлуна карата маалыматына караганда, бишкектиктерде жалпысынан 416 миң транспорттук каражат бар. Алардын ичинен 338,5 миңи — жеңил унаа.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0