Жолдо бараткан маршруттук автоунаа. Архив

Маршрутка айдоочулары эртең ишке чыгабы? Мэриянын жообу

(жаңыланган 21:29 02.04.2018)
Учурда Бишкектин аялдамаларынде кезек күткөндөр көп, коомдук транспортко болсо киши батпайт

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына 3-апрелде маршруттук таксилердин айдоочулары ишке чыгат деп так кесе жооп бере алган жок.

Бүгүн, 2-апреде, Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифи жогорулатып, жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандырууну жокко чыгаруу талабы менен иш таштап, каттамга чыккан эмес. Анын кесепетинен аялдамада кезек күткөндөр көп болуп, коомдук транспортко эл батпай калган.

Атыканов бүгүн саат 14:00дө журналисттер менен болгон жолугушууда бир нече сааттын ичинде айдоочулар каттамга чыгат деп сөз берген. Кечинде абал өзгөргөн жок, коомдук транспортту күткөн кишилер дагы деле көп, айдоочулар каттамга чыккан эмес. Шаардыктарды айрым тургундар гана бара турчу жерине чейин ала кетүүдө.

Атыканов Sputnik агенттигине айдоочулардын аз гана бөлүгү ишке чыгууга макул болгонун айтты.

"Болжол менен айдоочулардын 30дай гана пайызы каттамга чыкты. Азырынча аны тургундар дароо эле сезбейт. Анткени аз эле айдоочу ишке чыгууга макул болду. Калгандары чыга элек", — деди ал.

Ал эми айдоочулардын бардыгы эртең, 3-апрелде, ишке чыгабы деген суроого так жооп бере алган жок.

"Ал боюнча азыр эч нерсе айта албайм. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бардык айдоочулар эртең ишке чыгат деген үмүт гана бар", — деди Атыканов.

Ал саат 14:00дө журналисттер менен болгон жолугушууда жакынкы айда камсыздандыруусу жок айдоочуларга айып салынбай турганын айткан. Ошондой эле инспекторлор дагы айдоочулардын камсыздандыруу алуусу үчүн дагы 3-4 жума берерин билдирген.

Бирок интернетте "бийлик айдоочуларга автоинспекторлордун айып салышына жол бербейт, камсыздандырууну бүтүрүп алуу үчүн бир ай убакыт берди" деген маалымат кайдан чыкканын билбей турганын белгиледи.

"Биз милиция айдоочуларды бир канча күн гана айыпка тартпайт деп сүйлөштүк, бир ай кайдан чыкты билбейм. Айдоочуларды качанкыга чейин айыпка тартпай турууга макул экенин милициядан сураш керек", — деди ал.

Ал айдоочулар менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

Белгилер:
иш таштоо, айдоочу, Бишкек мэриясы
Тема:
Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары иш таштады (25)
Тема боюнча
Буулган кыймыл, жолдо калган эл. Бишкектеги тыгындын себеби айтылды
Маршруттук такси айдоочуларынын бийликке талап койгон видеосу
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты