Мэрия бүгүн каттамга канча автобус менен троллейбус чыкканын маалымдады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ муниципалдык коомдук транспорт түн жарымга чейин иштеген

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн, 3-апрелде, каттамга 127 автобус менен 104 троллейбус чыкканын билдирди.

Ага ылайык, шаардык коомдук транспорт кадимки тартибинде иштеп жатат.

"Кечээ, 2-апрелде орун алган кырдаалга байланыштуу муниципалдык коомдук транспорт жарандарды түн ортосуна чейин ташып иштеди", — деп маалыматта айтылат.

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча эртең мененки саат 10:00гө алынган маалымат боюнча каттамга 1400 кичи автобус менен 65 маршрутка чыккан.

Белгилей кетсек, 2-апрелде маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүү жана милдеттүү камсыздандырууну жоюу талабын коюп каттамга чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0