Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү

© AFP / NOEL CELISСтроительная площадка в Маниле
Строительная площадка в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документте аттиш деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 аспаптан турган комплект жана резина лентасы бар

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп, анда Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев чуу жараткан 640 долларлык аттиштердин сүрөтүн көрсөттү. 

© Фото / Национальный энергохолдинг КР18 аспаптан турган комплект жана чет өлкөдө чыгарылган резина лентасы
Комплект специальных инструментов для ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
18 аспаптан турган комплект жана чет өлкөдө чыгарылган резина лентасы

Промышленная ярмарке в Ганновере, Германия - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦинин экс-жетекчиси: аттиштен башка нерселер да кымбат алынган
Калиевдин жыйында айткан кебине караганда, документте аттиш деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 аспаптан турган комплект жана чет өлкөдө чыгарылган резина лентасы бар. Мындай комплектинин эки даанасы 640 долларга бааланган.

Эске салсак, буга чейин ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу мекемени модернизациялоодо жабдуулар кымбат сатып алынганын айтып чыккан. Коомчулук болсо "640 долларлык да аттиш болобу" деп ызы-чууга түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0