Балыкчыга "Сапат" мектеби ачылат

Жазылуу
Мектепке мэрия тарабынан берилген имарат ремонттон өткөрүлө баштады

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Балыкчы шаарында башталгыч классташ үчүн "Сапат" билим берүү мекемесинин бөлүмү ачылат. Бул тууралуу келишимге шаар жетекчилиги менен мекеменин директору Нурлан Кудайбердиев шейшемби күнү кол койгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач 150 баланы окутууну көздөп жаткан мектеп жаңы окуу жылынан ишин баштайт.

"Элдин каалоосу болсо окуучулардын санын 300гө чейин жеткирсе болот. Жыл сайын социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана билимге өзгөчө умтулган үч баланы бекер окутууга милдет алдык", — деди мекеме директору.

Анын айтымында, учурда мектепке мэрия тарабынан берилген имарат ремонттон өткөрүлө баштады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0