Кыргызстанда Ala-Archa Ethno Run аттуу жарыш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортивное мероприятие под названием "Хан горы" на горнолыжной базе Чункурчак
Спортивное мероприятие под названием Хан горы на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир катышуучу жүндөн жасалган спорт сумкасы жана финишке жеткендер уникалдуу дизайн менен жасалган медалга ээ болот.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Ала-Арча" капчыгайында 29-апрелде этникалык стилдеги Ala-Archa Ethno Run аттуу ири жарыш өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, "Тонус" коомдук фондунан кабарлашты.

Старт капчыгайдан берилип, ошол эле капчыгайдан аяктайт. Аралык — 10 чакырым. Иш-чарага 16 жаштан өйдөкү каалоочулардын бардыгы катыша алат. Уюштуруучулар жарышка миңге жакын адам катышаарын болжолдоп жатат.

"Ala-Archa Ethno Run — жаратылыштын кооздугун туристтерге даңазалоо менен жарандарды сергек жашоого чакырат. Трасса дагы этникалык стилде кооздолот", — деп уюштуруучулар билдирди.

Ар бир катышуучу жүндөн жасалган спорт сумкасы жана финишке жеткендер уникалдуу дизайн менен жасалган медалга ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0