Бишкектеги ресторанда уулангандардын алды ооруканадан чыгууда

© пресс-служба мэрии города БишкекЦеремония открытия подстанции № 4 Центра экстренной медицины в Бишкеке
Церемония открытия подстанции № 4 Центра экстренной медицины в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын абалы туруктуу, бардыгына тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлүп жатат

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы үлпөт тойдон ууланап, ооруканага түшкөндөрдүн ону чыкканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 31-марттан тарта Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасына 204 киши кайрылып, алардын 138и ооруканага жаткырылган. 4-апрелде саат 9:00гө карата алынган маалымат боюнча 128 киши ооруканада дарыланууда.

Андан сырткары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусундагы ооруканага 45 киши кайрылып, анын 36сы жаткырылып, 9 кишиге амбулатордук жардам берилген.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Айнура Ахматова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ахматова: "Ала-Тоо" ресторанына 25 миң сом айып пул салынды
Бейтаптардын абалы туруктуу, бардыгына тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 31-марттан тарта ооруканага кишилер кайрыла баштаган. Алардын "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдон кийин жабыркаганы аныкталган.

Буга чейин санэпидкөзөмөл борбору ресторан текшерүү аяктаганга чейин жабылганын билдирген.

Алдын ала маалымат боюнча келгендер тоок жана балык этинен ууланган. Ошондой эле тамактарды жасоо жана сактоо технологиясы бузулганы айтылууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы ашпозчуга 25 миң сом айып салынып, ресторан текшерүү бүткөнгө чейин жабылды.

Буга чейин шаардык милиция уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0