Шашылыш билдирүү! Жолго чыккандар, этият болгула

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашууларда, тоолуу жолдордо жер тайгалак болуп күрткү жаралары айтылды

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 4-6-апрель арасында аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордогу жана ашуулардагы жолдорго көчкү түшүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) күрткү тоңуп, жолдор тайгалак болот. Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында да ушундай жагдай түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жагымсыз жагдайлардан алыс болуу жана коопсуздукту сактоо максатында жолдо кетип жаткандар автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0