Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты

© Фото / семейный архив ИбраимовыхГосударственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов 19 жыл мурда, 4-апрелде көз жумган. Эмгек жолун слесарлыктан баштап премьер-министрликке чейин жеткен аткаминер быйыл көзү тирүү болгондо 74 жашка толмок.

Аскар Акаевдин жакын кеңешчиси болгон саясатчы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Нан комбинатында иштеген

Жумабек Ибраимов Улуу Ата Мекендик согуш каарын чачып турган мезгилдери, 1944-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун айыл чарба техникаларынын кыймылдаткычын оңдоо боюнча слесардын жардамчысы болуп, андан кийин нан комбинатында иштеп баштаган. Андан соң Фрунзедеги политехникалык жогорку окуу жайын бүтүрүп, ошол ЖОЖдун машина куруу технологиясы кафедрасында мугалимдикти аркалаган. 

© Фото / семейный архив ИбраимовыхАскар Акаевдин демилгеси менен борбор калаанын мэри болуп дайындалган
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаевдин демилгеси менен борбор калаанын мэри болуп дайындалган

Заводдун 37 жаштагы директору

Болочоктогу көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 1976-жылы Москвадагы курулуш институтуна стажировкага барат. Кайра Кыргызстанга келгенде аны Фрунзе атындагы айыл чарба техникаларын куруу заводунун жетекчилиги жумушка чакырат. Кийинки жылы эле Балыкчыдагы ири ишканага инженер болуп барып, ал жакта бир жумада эле конвейердин жаңы эскизин иштеп чыгып, өндүрүштү жакшыртып 37 жашында заводдун директору болгонго жетишкен. 

© Фото / семейный архив ИбраимовыхМамлекеттик ишкер 54 жашында өкмөт башчысы болгон
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишкер 54 жашында өкмөт башчысы болгон

Кызматтык тепкич

Ибраимов кайсы кызматка дайындалбасын, иштин майын чыгара билген жетекчи болгонун анын замандаштары айтып келет. 1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, андан соң ошол эле калаанын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп бекитилет. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, андан соң Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып, 1990-жылы Жогорку Советтин депутаттыгына шайланган. 

© Фото / семейный архив ИбраимовыхБолочоктогу премьер-министр мыкты уюштургуч жана иш чарбачыл инсан болгон
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Болочоктогу премьер-министр мыкты уюштургуч жана иш чарбачыл инсан болгон

Алдыга талпынган…

Иш билги инсан союз кулап мамлекет каатчылыкка кептелгенде эл керегине жараган. 1990-жылдардын башында ага "Жанар" акционердик коомун, Фрунзе ЭВМ заводун жетектөө милдети жүктөлөт. Тажрыйбалуу адис карызга белчесинен батып, чыгашага учурап жаткан ишканалардын өндүрүшүн өзгөрткөн. Алсак, кезинде учактын борттук техникаларын даярдаган заводдо элге керектүү жабдууларды чыгарткан.  

© Фото / семейный архив ИбраимовыхИбраимов Кыргызстандагы ири ишканаларды жетектеген
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов Кыргызстандагы ири ишканаларды жетектеген

Акаевдин көзүндө илинген Ибраимов

Чарбачыл жетекчи эгемендиктин алгачкы жылдарында президент Аскар Акаевдин көзүнө илинген. Өлкө башчы аны алгач борбор калаанын мэри кылып дайындап, андан кийин өзүнө жакындатып мамлекеттик катчы, кеңешчиси жана Жогорку Кеңеште ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитет. Андан сырткары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси кылган жайы бар. 

© Фото / семейный архив ИбраимовыхСаясатчы Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Саясатчы Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган

Үч адам менен чет өлкөгө сапарга чыккан премьер…

Барган жеринде иштин майын чыгара иштеген Жумабеков 1998-жылдын декабрь айында премьер-министр болгон. Ошол учурда бир топ шалаакы аткаминерлерди кызматтан айдоого кудурети жеткен. Замандаштары анын элдин акчасын кантип үнөмдөө керектигин иш жүзүндө көргөзгөнүн айтып келет. Ал өкмөт башчысы болуп турганда Германияга эконом класстагы учак менен жанына үч адамды ээрчитип иш сапарга барып, көпчүлүккө үлгү болгон. 

© Фото / семейный архив ИбраимовыхАткаминер 55 жаш курагында онкологиялык оорудан улам көз жумган
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Аткаминер 55 жаш курагында онкологиялык оорудан улам көз жумган

Төрт баланын атасы

Мамлекеттик ишмер жубайы менен үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу баласы Ильяс "Манас" эл аралык аэропортунда иштесе, экинчиси Нурдин — Бишкек калаасындагы банктардын биринин маркетологу. Кичүү уулу Абакир — жеке ишкер. Ал эми кызы Назгүл эл аралык уюмда экономист. Жумабек Ибраимов Москвада операция болуп, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин 55 жаш курагында онкологиялык оорудан улам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0