Дыйкандардын эсине! Жер семирткичтердин быйылкы баасы аныкталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер семирткичтерге болгон чекене баалар дүң баадан 2-3 сомго жогору

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги минералдык жер семирткичтердин (МЖС) быйылкы дүң баасы кандай болорун аларды алып келүүчү фирмалардын маалыматына таянып жарыялады.

Билдирүүгө караганда, МЖСке болгон чекене баалар дүң баадан 2-3 сомго жогору болот. Ал эми дүң баа төмөнкүчө:

— Өзбекстанда өндүрүлгөн аммиактуу селитранын килограммы – 15,15 сом;

— Россияда өндүрүлгөн аммиактуу селитранын килограммы — 17-18,5 сом;

— Өзбекстанда өндүрүлгөн карбамиддин килограммы — 16,5-17 сом;

— Россияда өндүрүлгөн карбамиддин килограммы – 19 сом;

— Казакстанда өндүрүлгөн аммофостун килограммы – 26-28 сом;

— Казакстанда өндүрүлгөн суперфосфаттын килограммы – 10-12 сом;

— Россияда өндүрүлгөн нитроаммофостун килограммы — 25 сом;

— Россияда өндүрүлгөн диаммофосканын килограммы — 30 сом;

— Белоруссияда өндүрүлгөн хлордук калийдин килограммы— 44 сом.

Айыл-чарба боюнча серепчи Жамин Акималиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акималиев: жер семирткичтер жетишсиз болууда
Министрликтен билдиришкендей, республиканын минералдык жер семирткичтерге жылдык керектөөсү 395 миң тоннаны түзсө, бүгүнкү күндө 58,7 миң тоннасы алып келинген. Анын ичинен 44 тоннасы дыйкандарга сатылды.

Жер семирткичтерди сатуучу базарлар Бишкек, Кара-Балта, Шопоков, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында жайгашкан, ал жактан республиканын башка аймактарына таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0