"Ала-Тоо" ресторанына баргандар кайсы тамактан ууланганы аныкталды

© AFP / FRED DUFOURРесторанда тамак ташып жаткан официант. Архив
Ресторанда тамак ташып жаткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү ооруканада 94 киши жатат, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 36 киши жатып дарыланууда.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанына үлпөт тойго баргандар тоок этинен даярдалган тамактан ууланганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты.

Тоок этинен жасалган тамактан сальмонеллеза бактериясы табылган. Ошондой эле бейтаптардан алынган анализдерден да ушул бактерия табылган.

"Сальмонелла бышкан гана тамактын үлгүлөрүнөн табылгандыктан аны жасоо жана сактоо технологиялары бузулган деп айтууга болот. Чийки продукциядан бактерия табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Айнура Ахматова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ахматова: "Ала-Тоо" ресторанына 25 миң сом айып пул салынды
Санэпидкөзөмөл борбору массалык уулануунун кесепетин жоюу боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат. 5-апрелде ресторандын ашканасы дезинфекцияланды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 94 киши жатат, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 36 киши жатып дарыланууда.

Эске салсак, 31-марттан тарта тойго баргандар ооруканага кайрыла баштаган. 3-апрелде болсо ооруканага кайрылгандардын саны 230 кишиден ашкан болчу.

Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы ашпозчуга 25 миң сом айып салынып, ресторан текшерүү бүткөнгө чейин жабылган. Уулануу фактысы боюнча кылмыш иши дагы козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0