Рыскулбеков: тойго чет өлкөдөн ичимдик алдырган аткаминерлер бар

© Sputnik / Табылды КадырбековТеле алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков тегерек стол учурунда
Теле алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков тегерек стол учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып баруучунун айтымында, Кыргызстанда той үчүн ичимдиктерди чет өлкөдөн алдырып, Россия менен Казакстандан ырчыларды чакырган аткаминерлер бар.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн тойлордун чыгымын азайтуу боюнча чараларды көрүүдөн мурда бийлик өкүлдөрү алгач элге өздөрү үлгү болушу керек. Бул тууралуу теле алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн тегерек столдо айтты.

"Жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу иш-чарага КР эл артисттери Жамал Сейдакматова жана Түгөлбай Казаков, куудул, тамада Борончу Кудайбергенов, Эркин Рыскулбеков, ЖК депутаты Эмил Токтошев, "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, "Кереге" коомдук уюмунун төрагасы Искендер Ормон уулу катышты.

Рыскулбеков Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевге кайрылып, анын 2-3 эмес, 20-30 кесиптеши дүңгүрөтүп той бергенин айтып өттү.

"Сиздин кесиптештериңиз той бергенде биздин Кыргызстандын эле эмес, тээтиги Франциядан бери ичимдик алдырышат. Казакстан менен Россиядан ырчыларды чакыртышат. Алардын гонорары эле 20-30 миң доллардан да", — деди Рыскулбеков.

Ал ошондой эле көрүнүктүү тарыхый инсандардын жылдыгын өткөрүүдө дагы өтө көп чыгым кетерин кошумчалап кетти.

"Баланча баатырдын, түкүнчө мекеменин 100 жылдыгы, шаар күнү деген сыяктуу нерселерге канчалаган жылкылар союлат. Өлкө бизге үлгү болбогондон кийин тыйгыла деп айтууга кандай акысы бар? Биринчи өздөрүнөн баштасын. Аткаминерлердин балдары чет өлкөдө той өткөрүп жатканын интернеттен көрүп жатабыз. Ошол элдин адамдары "менин миң катышым бар, бирок жүзүн эле чакырдым" деп мисал кылышса, биз дагы ошону кылабыз да", — деди ал.

Белгилүү алып баруучу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аткаминерлер менен бинзнесмендердин дүркүрөтө өткөргөн тойлоруна өзү күбө болгонун ырастап өттү.

"Өзүмдүн көзүм менен көрүп, өзүм катышкан тойлор болгону үчүн мисал келтирдим да. Алардын арасында элге таанымал, мамлекеттик кызматтарда иштегендер, бизнесте жүргөндөр дагы бар. Кээде тойлорун алпарып калсам, кээде конок катары барып калып күбө болгом", — деди Рыскулбеков.

Ал ошондой эле мындай ашыкча чыгымдарга каршы экенин айтып, өзү мейман чакырса саны 30-40тан ашпай турганын белгилеп өттү.

Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Элден чыгып каласың... Кыргыз сөзсүз өткөрө турган тойлор
Эске салсак, мурдагы депутат Аида Салянова башында турган депутаттык топ тойлордогу шаан-шөкөткө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштеп чыккан мыйзам долбоорго 70 депутат "каршы", 42 депутат "макул" деген добуш бергени үчүн өтпөй калган. Долбоорго ылайык, эң ири той деп эсептлеген үйлөнүү үлпөтү 150 мейман менен чектелмек.

Буга чейин тегерек столго катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев аталган мыйзам долбоору эмнеге өтпөй колгонун айтып берген.

Ал эми дагы бир катышуучу Түгөлбай Казаков тойлордун убактысын кыскартып, ашыкча каада-салттан баш тартуу зарыл экенин белгилеп өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0