Эске салабыз! Дүйшөмбү иш күн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентральная площадь Ала-Тоо в Бишкеке
Центральная площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар дүйшөмбү, 9-апрелде эс алат. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомунда айтылат.

Шабдан баатыр көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шабдан баатыр көчөсү болбой эле 7-Апрель деп өзгөртүлмөй болду
7-апрель — Элдик Апрель революция күнү ишембиге туш келгендиктен, дем алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат. Ага ылайык беш күндүк график менен иштегендер 7-8-9-апрелде эс алышат.

Ошондой эле дем алыш күндөрүн натыйжалуу колдонуу максатында ишемби, 28-апрелдеги дем алыш күн 30-апрелге которулат. Ага ылайык, кыргызстандыктар үч күн катары менен 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алышат.

Жыл ичинде боло турган майрамдардан улам белгиленген эс алуу күндөрүн материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0