Экс-президент Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях
Митинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев кайрылуусунда 7-апрелди элдик майрам деп, аны салтанат менен белгилеш керек экенине басым жасаган

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Апрель окуяларында адамдардын курман болушу биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат. Бул саптар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель боюнча кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылган.

"7-апрель күнү 87 жараныбыз курман болгон. Бирок андан кийин өткөн сегиз жылдын ичинде да алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этем! Бул биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат", — деп айтылган кайрылууда.

Атамбаев кайрылуусунда бул күн майрам экендигин баса белгилеген.

Шабдан баатыр көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шабдан баатыр көчөсү болбой эле 7-Апрель деп өзгөртүлмөй болду
"Эки жыл мурда өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына 7-апрель — Элдик Апрель революциясы да кошулган. Ошондо кайгы менен муңга толгон бул күндү эмнеге майрамдайбыз, бул күн аза күтүү күнү болушу керек дегендер чыккан. Буга чейин да айтып келгем, дагы бир ирет кайталайм. 7-апрель Элдик революциясы — бул элибиз үчүн майрам! Анткени кандай гана күрөш, согуш болбосун, анын жеңишке жеткен акыркы күнү майрамдалат эмеспи", — деп айтылат кайрылууда.

Бул экс-президенттин кызматтан кеткенден кийинки коомчулукка экинчи ирет чыгышы. Биринчи жолу КСДПнын курултайында журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, саясатка кайтып келерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0