Исаков Өзбекстан премьери менен чек арадагы адам өмүрүн алган окуя боюнча сүйлөштү

Жазылуу
Өкмөт башчылар 9-апрелде эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери жана тиешелүү ведомстволор жолугуп, сүйлөшө тургандыгы боюнча макулдашты

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери Сапар Исаков менен Абдулла Арипов чек арадагы адам өмүрүн алган окуя боюнча телефондон сүйлөштү. Бул туурасында КРдин өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчылар 9-апрелде эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери жана тиешелүү ведомстволор жолугуп, сүйлөшө тургандыгы боюнча макулдашты.

Подготовка к открытию выставки День передовых технологий правоохранительных органов РФ - Sputnik Кыргызстан
Актөбөдө бустун ичинен ок жеген киши тойго бараткан. Окуянын чоо-жайы
Эске сала кетсек, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Мамай аймагында кыргызстандык 34 жаштагы тургун өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан.

Буга чейинки маалыматта Ф.М. аттуу эркек киши Кербен шаар аймагына караштуу Курулуш айылынын жашоочусу болгондугу айтылган.

Маалыматта жумушчу топ чатакты тыкыр изилдеп чыгып, жакын арада жыйынтыгын билдире тургандыгы айтылган.

Мындан нече күн мурда да Баткенде кыргыз-тажик чек арасында да жаңжал чыгып, эки эл бири-бирин ташка алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0