Антарктиданын тоолорун кезип, космонавттардын саламаттыгын текшерген илимпоз тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Асылбек Айдаралиев 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дарыгердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мектепти Фрунзе шаарында аяктап классташы Болот Шамшиев менен Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырат, бирок Айдаралиев өтпөй калат. Ошондуктан борбор калаадагы медициналык окуу жайда билим алып калат. Ошол учурда Саламаттык сактоо министри болуп иштеген атасы аны өз алдынча болсун деп Алматы шаарына которуп жиберет. Бешинчи курсунда Кыргызстанга которулуп мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөн.
Жаш дарыгер кесипкөйлүгүн жакшыртып, илимий дараметин жогорулатуу үчүн Киев шаарындагы медициналык жогорку окуу жайында биофизика боюнча аспирантурада окуйт. Ошол эле маалда студенттерге сабак берип 26 жашында илимдин кандидаты болот. ЖОЖду бүткөндөн кийин ал жакта иштеп калуу сунушталат. Ал ага карабай мекенине кайтып келет. Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга организмдин адаптациясы жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Физиолог 36 жашында космикалык жана авиациялык медицина боюнча докторлугун Москвада жактап анын изилдөөсүнүн жыйынтыктары жогорку суроо-талап менен колдонулган. Анткени ал кезде СССР менен АКШнын космонавтика боюнча жарышы күчөп турган кез болгон. Баса белгилей кетчү жагдай, кийин 1983-жылы 20дан ашык космонавтты Кыргызстанга чакыртып изилдөө иштерин Фрунзеде өткөргөн.
Дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдордун ардактуу профессору, 200дөн ашык илимий эмгектин автору жана ондогон илимдин кандидатын жана докторун өстүргөн. Ал 1993-жылы миңдеген жаштар билим алып жаткан Кыргызстандагы эл аралык университетин негиздеген. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 80 жашка жакындап калганына карбай аталган окуу жайда иштеп келет.
Илимпоздун жубайы педиатор болуп көп жыл эмгектенген. Асылбек Айдаралиевдин балдары дагы ата жолун улаган. Уулу Арсен Айдаралиев медицина илимдеринин доктору, ректор болсо, кызы Гүлнара дарыгер болуп жеке клиникада иштейт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.
"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.
Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.
Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.
"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.
Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.