УКМК: бомба тууралуу жалган маалыматты 43 жаштагы киши тараткан

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына "Ата-Түрк" паркына бомба коюлду деген жалган маалымат түшкөн

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ата-Түрк" паркына коюлган бомба тууралуу жалган маалыматты 43 жаштагы мас абалындагы адам бейбаштык кылып тараткан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, кечээ 8-апрелде саат 17.25дер чамасында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына "Ата-Түрк" паркына бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Аталган жерге УКМКнын жана ИИМдин ыкчам тобу барып, парк курчоого алынган. Бирок түшкөн маалымат такталган эмес, кийинчерээк эч кандай бомба жок экени маалым болгон.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 43 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Шектүү мас абалында бейбаштык кылып жалган маалымат тараткан", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 228- беренеси "Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү" боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0