Текебаев бүгүн Улуттук кардиология борборунан саламаттыгын текшертет

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына жаза мөөнөтүн өтөөдө

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылат. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына жаза мөөнөтүн өтөөдө.

"Өмүрбек Текебаев бүгүн Улуттук кардиология борборунда кезектеги медициналык кароодон өтөт. Андан соң дарыгерлердин консилиуму болот. Анын жыйынтыгына жараша ооруканага жаткырылып, же кайра эле соттолгондор үчүн медициналык мекеме катары эсептелген түзөтүү колониясына жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Зампред Временного правительства Киргизии Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев жөнүндө 10 факты. Абактан тоскон 59 жаш
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-августта Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын 25-февралында кармалган. Текебаевге Россиялык ишкерлерден "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясын алардын пайдасына чечип берүү үчүн бир миллион доллар пара алган деп айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0