Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорунун учурдагы абалы тууралуу айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВидеокамералар. Архив
Видеокамералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Дайыр Кенекеев Бишкектин Фрунзе жана Ибраимов (Правда) көчөлөрүнүн кесилишине сынамык үчүн видеокамера коюлганын билдирди

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 10-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2017-жылдагы ишин карап жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Акылдуу шаар" долбооруна британиялык уюм кол сунарын айтты
Вице-премьер Дайыр Кенекеев өкмөттүн былтыркы жылы жасаган иштери боюнча маалымат берди.

Депутат Искендер Матраимов "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси азыр кандай абалда экенине кызыкты.

Өз кезегинде Кенекеев "Коопсуз шаар" менен "Акылдуу шаардын" айырмасы деле жок экенин айтты. "Акылдуу шаар" долбоорунун бир өзгөчөлүгү — адамдын бетин алыстан таанып, кылмышкерлерди табууга жардам берет. Андан сырткары, азыр сынамак үчүн шаардын көчөлөрүнө видеокамералар коюлуп жатканын белгиледи.

"Ибраимов (Правда) менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине сынамык иретинде камера коюлган. Беш күндө эле ал жактан 31 миңден ашык машина өтөрү аныкталды. Андан сырткары, жол эрежесин бузуу боюнча 7 миңден ашык факт катталды. Жакында ошол эреже бузгандарга машинасынын сүрөтүн жана бузган эрежеси боюнча билдиребиз. Азырынча айып салынбайт", — деди Кенекеев.

Вице-премьер ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууда эң кымбаты бул камераларды, же башка жабдууларды сатып алуу эмес программалык камсыздоо (soft) экенин айтты. Анын айтымында, учурда бул жаатта "Инфоком" менен Мамкаттоо иштеп жатат.

Кенекеев ошондой эле учурда шаардын машина көп жүргөн жерлерине бир нече компания пилоттук негизде камераларды орнотуп жатканын айтып, кийин өкмөт ал компаниялардын ичинен татыктуусун тандап аларын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0